Menu

Бурулкан Карагулова, акын: “Көчөнүн ортосунда какырып аткандарга бул айып пул сабак болсун!”

Бөлүшүү:

-Биздин өлкөдө түкүргүчтөр көбөйүп кетпедиби? Шаардын тардыгы, качан болсо тыгынды пайда кылган ар түрдүү автонун көптүгү,  алардан чыккан жыттар, ТЭЦтин түтүнү, от жаккандардын түтүнү, таштандылардын сасык жыты, базардагы аялдамаларда жаткан мастар менен бомждордун жыты, ичкилик ичип коомдук транспортто жүргөндөрдүн жыты ж.б. Ошолордун арасында жашап жүрүп түкүрбөй коюу мүмкүн эмес. Бирок, түкүрөт десе эле көчөнүн ортосуна какырып кетип атышпайбы? Таксисттер топтолгон жерден өтүүгө мүмкүн эмес түкүрүктөн.

Ошолорго ушул айып пул сабак болсун да.

Минтип олчойтуп айып пул салардан урун тазалыкты сакташ керек. Базарлардын айланасын таштандылардан тазалоо зарыл. Көчөлөрдү иретке келтирүү абзел. Шоопурлар айнегин ачып, чеккен тамекисинин калдыгын, анан салонундагы ашыкча жаткан баклажка, салфеткаларын көчөнүн ортосуна ыргытып салып айдап кете беришет. Ошолор да сектенип калышты. Колуна чычайтып чылым кыстарып, аны соргон сайын түкүрүп коюп бараткан жеңил ойлууларга сабак болду. Анын артында бараткан адам тамекисинин жытына уууланып баратканы менен иштери да болбойт.

Америкага жыл сайын 6 ай жашап келем. Эми ал жактын тазалыгын айтпа! Көчөнү самындап жуушат. Тротуардагы көк чөптөрдү күндө жуушат. Эч ким түкүрбөйт, таштанды таштабайт. Эгер түкүрүп калса ар бир америкалык токтотуп, тазалап коюуга мажбурлайт. Таштанды таштаса ар бири жетип келип уяткарат да, жетелеп барып мусор челекти көрсөтүшөт. Эли өзү тарбиялап коёт сырттан баргандарды, өкмөтү келип же полициясы көчө кыдырып тартип бузгандарды аңдыбайт, чакырык болмоюнча.

Менин айтайын дегеним, бизде деле эл бирминдик болуп, сырттан же алыскы караңгы айылдардан келгендерди тарбиялап койсо болот. Бирок, антсек бизде урушуп, согушуп кетет. Ал эми Америкада эл бири бири менен урушпайт. Эскертүүнү да күлүп же жылмайып айтат, уяткарат. Эч качан бирөө бирөөнү басынтпайт. Тааныса да тааныбаса да учурашат бири бири менен.

Биздин өлкөгө да ушундай тазалык менен тартипти каалайм!

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: