Menu

Ырысбек Өмүрзаков, журналист: «Атамбаев келжирек сөздөрүнүн кесепетинен элге аралаша албай жүрсө керек…»

Бөлүшүү:

-Экс-президент Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын баштаган адам катары расмий чакыруу алса дагы эмне үчүн иш-чаранын ачылыш аземине бара алган жок?

– Көчмөндөр оюнун кыргыз тарыхында Атамбаев баштады деген кепти айта баштагандар чыгып жатканын көрүп да, билип да, угуп да жатабыз. Ырас, көчмөндөр оюну Атамбаевдин мезгилинде башталды. Бирок, ал оюндардын Кыргызстанда башталуусунун себеби — ​башында бизнес гана болгон. Анткени курулушка акчаны кумга суу куйгандай гана сиңиртип алса болорун Атамбаев билген. Кандай болсо да, акыркы жылы эл аралык деңгээлге жеткен спорттук залдар жана спорт ареналар салынып заманбап болгонун көрүп турабыз. Алмазбек Атамбаев бийлик тараптан расмий чакыруу алса дагы өзү баштаган оюндун ачылышына эмнеге бара албады? — ​деген суроого так жооп деле болбосо керек. Келжирек сөздөрүнүн кесепетинен болсо керек дегендер бар. Убагында тантыраган кептерине кол чапчу мезгил кайтарылгыс болуп кетти. Азыр анын бетине түкүрчү адам СДПК партиясынын ичинен эле четтен чыгат. «Роза апчи менен жанаша олтургандан жийиркенди», — ​деп бирөө айтканда, күлдүк эле. Бирок, бул да версия бойдон кала берсин. А балким, Атамбаев 31-август күнү майрамдап, башы каңгырап «Ох -ох- ох!» болуп, оозу кургап «кака» болуп калганбы деп да ойлонуп кетесиң. Бирөөдө так жооп болушу мүмкүн, менде так жооп жок…

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: