Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү тууралуу тергөө иштери аяктап, иш сотко өткөрүлүп берилди. ИИМ маалымдагандай буга чейин эки шектүү кармалган.
Бирөө Бишкектен, экинчиси Москвадан. Учурда экинчи кылмышка шектүүнү Кыргызстанга экстрадиция кылуу иштери жүрүп жатат. Ал эми 3-кылмышка шектүү изделип жатат. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууганы Уланды былтыр 5-ноябрда өз үйүнөн атып кетишкен. Кылмышкерлер үйдөн эч нерсе алышкан эмес. Айрымдар бул жагдайды Аида Салянованын ишмердүүлүгүнө байланыштырганга аракет кылышса, ИИМ бул иште саясий мотив жоктугун айтып жатат. Аида айым өзү инисинин өлүмүндө саясат бар деп айтууда.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ