Menu

Эрназар Иманкадыр уулу “КТ Мобайлдан” алган 787 миң сом айлыгын ишканага кайтарып берди

Бөлүшүү:

«КТ Мобайл» ишканасынын директорунун мурдагы орун басары Эрназар Иманкадыр уулу 30-майда беш айда алган маянасын кайтарды. Анын атасы, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы Иманкадыр Рысалиев билдиргендей, кайтарылган айлыктын суммасы 787 миң 620 сомду түзгөн. Бул сумма Эрназар Иманкадыр уулунун быйылкы жылдын январь-апрель айларында алган айлыгы. Ага ай сайын 157 миң сомдон эмгек акы төлөнүп турган.

Иманкадыр Рысалиев беш айлык маяна ишкананын кассасына которулганын ырастаган документти маалымат каражаттарына таратты.

Талаш-тартышка түрткү болгон «КТ Мобайл» – 2003-жылы түзүлүп, бирок ушул күнгө чейин иштебей келген «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгон.

«Ачык өкмөт» улуттук форумунун кызматтан кеткен катчысы, премьер-министр Абылгазиевдин карачечекей бажасы Иманкадыр Рысалиевдин дарегине «КТ Мобайл» компаниясы боюнча дооматтар айтылган. Анын 24 жаштагы уулу Эрназардын «КТ Мобайл» ишканасынын директорунун орун басары болуп иштеп, чоң суммада айлык алып келгени айтылган.

Коомчулуктагы сын-пикирден кийин ишкана жетекчиси Нурбек Мукамбетов жана анын орун басары Эрназар Иманкадыр иштен кетишкен. “КТ Мобайлдын” тегерегиндеги алешемдиктерди атайын түзүлгөн депутаттык комиссия иликтеп жатат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: