Menu

Бегалы Наргозуев, экс-депутат: “Атамбаевдин Жээнбековду сындаганга моралдык укугу жок, өзү мактап-жактап бийликке алып келип алып эми кайсы бети менен сындайт?”

Бөлүшүү:

-Алмаз Атамбаевдин азыркы бийликти сындаган билдирүүлөрү орундуу элеби?

Бийликти эл сындаса да ушул Атамбаев сындабай эле койсо болмок. Анткени бул бийликти Атамбаев өзү мактап-жактап, колдоп алып келбеди беле? Эми кайсы бети менен сындайт? Бирок анда Атамбаевдин “котур ташы койнунда” болчу. Ал ойлогондой кийинки президент анын айдактамасы менен жүрбөй өз алдынча, көз карандысыз саясат жүргүзө баштаса эле жамандап киргени уят эле иш. Өткөндө КСДПнын басма сөз кызматынын оозу менен “Атамбаев жаңы революция даярдап жаткан жок, бийлик өзү иштей албай элдин нааразычылыгын жаратууда” деп сын тагып жатса кечээ жалаяктай кылып узун макала жазып, анда Кыргызстанды тышкы карызга кантип батырганына актаныптыр. Анан “Тышкы карыз өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирбеш үчүн деги эмне кылыш керек? Жооп айдан ачык: экономиканы өнүктүрүш керек. Эгерде азыркы бийлик өзү турчу 6 жыл ичинде реалдуу да, номиналдуу да ИДПны кредити жок көбөйтө берсе, анда 6 жылдан кийин тышкы карыздын ИДПга болгон катышы болгону 23,35%ды түзөт. Бирок ал үчүн кадамды олуттуу ойлонуп, команданы чечкиндүү бирок жаратмандык иш-аракеттерге багыттоо керек. Ишти билген кадрларды колдоого алып, аларды коргоп, ишеним бериш керек. Мунун оңой-олтоң иш эмес экенин, буга чоң саясий эрк керек экенин өз тажрийбамдан жакшы билем. Бүгүнкү өлкө жетекчилери экономиканы өнүктүрүү менен кошо, Атамбаевге окшоп чет өлкөлөр менен карыздарды кечиртүү боюнча, алардан техникалык жана материалдык жардам алуу боюнча иштеши керек. Кыргызстандын жаңы жетекчилигине биз 2011-2017-жылдарда иштегендей, жаңы инвестицияларды тартуу менен экономиканы өнүктүрүүнүн үстүндө иштөөгө эч ким жолтоо болгон жери жок. Бизге окшоп тышкы карызды азайтып, жойгонго жетишкиле! Бизге окшоп гранттарды алып келгиле! Экономиканы өнүктүргүлө! Коррупциянын накта башчылары менен күрөшкүлө! Бир эле факты: 2017-жылда биз коррупцияга каршы күрөштүн аркасы менен бюджетке 8,5 млрд. сомду кайтардык. Бул өлкөнүн ошол жылдагы бюджетинин тартыштыгынын жарымысынан көбүн жапкан сумма. Кулматов бажыны жетектеп турганда бажы салыктарын үч жылдын ичинде үч эсеге көбөйткөн. Бүгүн ал түрмөдө отурат, бажыны болсо көшөгө артындагы таасирлүү кожо – Раим-Миллион кайрадан башкарууда. Иш билген  – жолун   табат, иш билбеген – шылтоо табат!”, деп жазыптыр. Мунун көбү калп. Ал макаласында гранттарды алып келгенин айтып, актаныптыр.

Эл аралык донорлор гранттарды Акаев, Бакиев, Отунбаева учурунда да аябай берип келишкен. Гранттарды жалгыз эле Атамбаев алган жок. Бирок мурунку президенттер кредиттерди 0,75%дан, узак мөөнөткө, көп жеңилдиктер менен алып келишсе Атамбаев кыргыз элин карызга батырып, кыска мөөнөткө 2%дан алып олтурду. Мурунку бийликтер 150 млн долларга макулдашкан ТЭЦ долбоорун 386 млн долларга көтөрдү. Өзү мактанган “Датка-Кемин” долбоорун президент Бакиев баштаганын ал эч качан тана албайт жана Атамбаевдин учурунда “Датка-Кемин” долбоорунда 1 чакырым электр өткөргүч зым 1 млн долларга чейин көтөрүлүп кеткенин ал миң актанса да эч ким ишенбейт. Датка-Кемин долбоору 400 чакырымдай зым тартылып, ал 400 миллиондой бааланганы текшере келсе накта уурулук болуп чыгары баарына айдан-ачык.

Мурунку бийлик эмне үчүн кредиттерге жанталашканын, экономистер, эксперттер түшүндүрүп берип жатышпайбы. Алар “откат” деген балээге жабышып, ар бир келген кредиттин “подрядчиктеринен” пара алып жатышты. Ошондуктан бир кычкач 600 доллар деп бааланып жатты. Эгер Атамбаевдик бийлик таза болсо кытайлардан “эмне үчүн силер бизге 60 сомдук кычкачты 600 долларга сатып жатасыңар?” деп сурайт эле да. Бир да жолу сурашкан жок. Унчукпай олтурушту. Ал эми Жээнбековдук бийлик бийликке келери менен дароо муну сурады. Атамбаев ошого чычалап жатат.

Атамбаев: “Бийлик ишти билген кадрларды колдоого алып, аларды коргоп, ишеним бериш керек. Бул оңой-олтоң иш эмес, буга чоң саясий эрк керек” деп жазыптыр. Азыр бийликте бүт эле Атамбаевдин кадрлары олтурбайбы. Демек Атамбаевдин ишти билген карлары ошолор да. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Атамбаев өзү министр, биринчи вице-премьер-министр кылып өстүрүп келди. Азыркы биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду Атамбаев өзү 6 жыл министр кылып, алмаштырбай кармап өстүрдү. Вице-премьерлер Жеңиш Разаков, Алтынай Өмүрбекова, Каржы министри Адылбек Касымалиев, Транспорт министри Жамшитбек Калилов, Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, Экономика министри Олег Панкратов, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Маданият министри Султан Жумагуловдордун баарын Атамбаев “ишти билген кадрлар” катары өстүрүп келатпады беле. Эми алар Жээнбековго иштесе эле ишти билбеген кадрлар болуп калабы? Жээнбеков бүт Атамбаевдин кадрлары менен иштешип келатат.  Болгону парламентте жаңы коалицияны түзгөндө гана аз санда башка фракциялардын кадрлары кирип кетти, мындай нерсе Атамбаев учурунда да болгон. Анан Атамбаевдин кадрларынын бир нечеси камалып калганына Жээнбековдон мурун Атамбаев өзү күнөөлүү. Анткени Атамбаев бет тырмалык кылып Бишкек ТЭЦиндеги коррупцияга Сооронбай Жээнбековду күнөөлөй баштады эле, Жээнбеков күнөөлүүлөрдү таап чыгууга аргасыз болду. Натыйжада ТЭЦ боюнча Атамбаевдин “иш билги” кадрлары Сапар Исаков баш болгон он чакты киши камалды. Бажы боюнча Атамбаев өзү 7 жыл иштешип жүргөн Раим Матраимовду кетеринде жаманатты кылып каралап, Сооронбай Жээнбековго жабыштыра койду эле, ал киши жооп катары экс-башкы бажычы Кубанычбек Кулматов баштаган бир нече бажычылардын коррупциялык кылмыштарын таап олтургузду. Атамбаевдин дагы иш билги кадры Жантөрө Сатыбалдиевди камады. Жантөрөнүн ондогон кылмыштарын Эсеп палатасы жана Жогорку Кеңештин депутаттык комиссиясы таап чыкса да Атамбаев калкалап каматпай келген болчу. Кыскасы, айта берсе сөз көп, Атамбаев “сынчынын сыңар өтүгү майрык” болуп жатат. Ошондуктан Атамбаевдин бул бийликти сындаганы орунддуу эмес, ага моралдык укугу жок.

-Кожобек Рыспаевдин КСДПнын катарынан чыгарылышы эки президенттин тирешин айгинелебейби?

-Бул Атамбаевдин ызакорлугунан эле чыккан чыр. Кожобек Рыспаев “Марал” радиосуна барып, КСДПнын дарегине сын айтып койсо эле чычалап чыр чыгарып жатат. Анан Рыспаевдин Атамбаевдин алдына мурункудай ийилип барбай калганы, Жээнбековдун командасы менен кызматташып жатканы баары кошулуп, Атамбаев аны партиядан чыгарып салууга буйрук бергенге алып келди. Бирок, Атамбаев өзү бир нерсени түшүнүш керек да. Кожобек Рыспаев Атамбаевге же КСДПга кайдан келди эле? Эсиңерде болсо “Ар намыс” фракциясынын депутаты болуп жүргөн Кожобек Рыспаевди партиянын лидери Феликс Куловго каршы тукуруп, фракцияны ичинен иритип бузуп, өздөрүнө тартып алып, пайдаланышпады беле… Келмек кезек, терме тезек деген ушул. Атамбаев Чынгызханды жакшы көрүп, өзүн Чынгызхан сезип, аны жакшы окуп билген киши болуп, бир нече жолу өз сөзүнө кыстара кеткен эле. Бирок Чынгызхандын бир сапатын окубай калса керек. Чынгызхан каршылашын сатып, Чынгызхан тарапка өтүп кеткен каршылашынын жан-жөкөрлөрүн пайдалангандан кийин “өзүңдүн ханыңды сатып кеткенден кийин бир күнү мени деле сатып кетесиң” деп кошпой кууп жиберчи же башын алчу. Атамбаев болсо өзүнүн лидерин сатып ага келгендерди бүт КСДПга толтуруп албадыбы. Эми өзүнөн көрсүн, бардыгы Атамбаевди сатып кетишет.

-КСДП фракциясы менен партиянын иши эки башка багытта болуп калдыбы?

КСДП фракциясы партияны жана анын лидери Атамбаевди укпай туруп Сапар Исаковду отставкага айдагандан кийин фракция менен партиянын ортосунда монолит жоктугу баарына эле белгилүү болуп калбады беле.

-Эми фракция дагы Кожобек Рыспаевди катарынан чыгарабы?

-КСДП фракциясы Сапар Исаковду премьер-министрликтен кетирбеш керек деген партия менен Атамбаевдин тилин укпай койгондон кийин азыр деле Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгарып, комитеттин жетекчилигинен кетириш керек деген чечимин укпай коюшу же жарым-жартылай аткарбай коюшу мүмкүн.

-Эки президент чыгарган КСДПнын мындан аркы тагдыры кандай болот?

-КСДП бул жеке бир адамдын партиясы. Аты жакшы болгону менен заты жаман экенин эл эбак эле билип калган. КСДП бийликке келгенден баштап, экономика очорулуп, коррупция болуп көрбөгөндөй күчөп, уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери абактан чыгарылып, адам өлтүргүч киллерлер эркиндикке коё берилип, Кыргызстанда мыйзам иштебей калган заман келди. Азыр Кыргызстанда алдуулардын, акчалуулардын заманы. КСДПга социал-демократиялык идеология боюнча такыр түшүнүгү жок итбай-чотбайлар менен чача-пачалар чогулуп алып, партиянын кадыр-баркын болуп көрбөгөндөй жерге түшүрдү. Бул партия жеке бир адамдын партиясы болгондуктан эми да Атамбаевдин коомдогу ордуна байланыштуу кадыр-барк күтөт. Буга чейинки бийликке болгон таасири  бүт президенттикке кокусунан келип калган, президенттикке татыктуу эмес, бирок бийлиги бар Атамбаевге байланыштуу болчу. Атамбаевдин бийликке таасири азайган сайын КСДПнын дагы таасири азайып олтуруп тарыхтын таштандысында калат.

Кечээ, 10-сентябрда Атамбаев менен анын КСДПчылары ММКлар боюнча арыздарды карай турган коомдук уюмга “Майдан” гезитинин, Кыргызтудэй жана Назар ньюс сайттарынын үстүнөн арызданыптыр, бул боюнча эмне дейсиз?

-Атамбаев бийликте турганда канча ММКларды жана журналисттерди куугунтуктап, мыйзам менен эмес, күчкө салып соттотуп, коркутуп-үркүтүп жүрдү. Миллиондогон айыптарга жыкты. Журналист Дайырбек Орунбековго 2 млн сомго доомат артып, Маалымат кейжи сайтын тартып алды. Журналист Нарын Айыпты 3 миллион сомго айыпка жыгып, пенсионер апасынын квартирасын тартып алганга жанталашып жүрүп, үлгүрбөй калды. Укук коргоочу Чолпон Жакыпованы 3 млн сомго айыпка жыгып, үйүн тартып алганга аракеттенди… Эми айта берсе Атамбаевден куугунтук жегендер көп. Элдин баарына сын таккан, алтургай оозго албаган сөздөр менен кемсинтип сүйлөгөн Атамбаев өзү кымындай сынды көтөрө албай соттор менен коркутуп жүрсө эми анын режими учурунда Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болгон Шамарал Майчиев жетектеген комиссияга арызданыптыр. Шамарал Майчиев менен Атамбаев биргелешип тандаган соттордун составы кандай чыкканын, ал соттордун кейпин азыр элдин баары көрүп жатат. Алар жасаган соттук реформанын “жемишин” эл азыр көрүп, азабын тартып жатат. Ошондуктан Шамарал Майчиев Атамбаевге кандай корутунду чыгарып берери алдын-ала белгилүү, бул биринчиден. Экинчиден, Атамбаев ал президент кезинен бери сындап келаткан 3 ММКнын үстүнөн “Ушул 3 ММК Атамбаев Жээнбековго каршы даярданып жатат” деп маалыматтарды жайылтып, жарандык согуш чыгарганы жатат деп күнөөлөйт, ошол эле учурда “Атамбаев 80ге чыгып, ыштанымды булгап өлгөндөн көрө, азыр Соке менен атышып өлгөнүм жакшы” дептир деп жазган же ушундай эле маалыматтарды таратып жаткан башка ММКлардын үстүнөн арыз жазбайт. Бул элди, журналисттерди регионалдык бөлүп жаруу, бири-бирине кайраштыруу аракети деп бааланып, Атамбаевдин, КСДПнын бул бөлүп-жаруу аракети бийлик тарабынан тыйылыш керек.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − 34 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: