Menu

ОШ ШИИБсинде 64 кылмыш ишинин материалдары жоголду

Бөлүшүү:

Ош прокуратурасы кылмыштардын борборлоштурган каттоосунан фактыларды жашыруу жана токтотулган кылмыш материалдары боюнча чечим кабыл алуунун мыйзамдуу экендигин текшерди. 8 айдын аралыгын текшерүүдө, Башкы прокуратура Ош ШИИБинде каралган тартипте каттоого алынбаган жана токтотулган 64 иштин жоголгону аныкталды. Документтерде КР Кылмыш кодексине ылайык мыйзам бузуу фактылары табылган. Токтотулган материалдардын кайда экени белгисиз. “Ош ИИБнин тергөө органдары Облустук жол эрежесинин коопсуздугу боюнча бөлүмүнө мыйзам бузуулар бар 264 матеиралды жөнөттү, анын 60 материалында күнөөлүүлөргө карата эреже бузуу боюнча протоколдор түзүлгөн эмес. Мыйзам менен корголгон мамлкеттин кызыкчылыгы одоно бузулган фактылар ачыкка чыгып олтурат” деп айтылат маалыматта. Аталган фактылар “Ишке салкын мамиле кылуу” жана “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелеринде каралган белиглер менен Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү  реестрине киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш Ош облусу жана ОШ шаары боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы мамкызматына тапшырылды.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: