Menu

Жолдубаева менен Сегизбаевге кандай «диагноз» коюлат?

Бөлүшүү:

Коомчулуктун шек-шыбырына, сынына кабылган эски бийликтин эки үлкөнү бар эле, Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаев… Акыр-аягына чейин Алмазбек Атамбаев менен бирге болууга духтары жетпегени, «Форумдагы» иш-чаралардан окчун болушканы кызык. Экөө акырындык менен нейтралдашып, Соке тарапка өтүүгө дилгирленип атышканы тар чөйрөдө кызуу кепке айланды. Эске салсак, Жолдубаева башкы прокурор, Сегизбаев УКМК төрагасы болуп, Атамбаевдин амири менен түштөрүнө кирбеген креслолорду минишкен болчу. Оңой келген кызматтарда жөн иштешпей саясый куугунтуктарды күчөтүшүп, бизнестерди «крышевать» этишкени, миллиондорду чапчыган контрабаңда чуулгандарына көзөмөл кылышканы жалганбы? А болбосо бүгүнкү байлыктарын, элиталык кымбат баалуу үйлөрдү кайдан алышмак эле? Эми тагдырдын тамашасын кара, кыйын кезеңде күнү-түнү шефине туруп бере турган мезгил келгенде, булардын тетири кетишкени эмнеси? Мындай кубулма жоруктарына баа берилсе, так «диагноздору» коюлса керек.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: