Menu

Айылчы Сарыбаев, экономика илиминин доктору: ТЭЦ көйгөйүн көтөргөндөр өздөрү коррупцияга баткандар

Бөлүшүү:

– Агай, экс-президент Алмазбек Атамбаев ЖМКлар аркылуу «анын тушунда тышкы карыздар эки эсеге өсүп кетти» деген дооматтарга жооп берип, ал башкарган жылдарда тышкы карыздар көбөйбөй эле, тескерисинче, улам азайып отурганын билдирди. Экономист катары сиз анын пикирине макулсузбу?

– Мен Атамбаевдин адвокаты эмесмин. Аны жактайын деген деле оюм жок. Ал өзү деле мага караганда бир топ интеллектиси жогору адам. Бирок, анын айтканында жүйөө бар. Экономика жагынан билимсиздиктин айынан кеп ЖМКларда тышкы карызды мокочо катары көрсөтүшүп, туура эмес интерпретация кылып жатышат. Мунун негизги эле себеби, ошол маселени көтөргөн адамдардын көпчүлүгү ички-тышкы карыз, аларды жоюу принциптери, жоюу булактары, анын себептери жөнүндө туура эмес түшүнүктө. Себеби, каржылык билими жок болууда. Бюджет жөнүндө түшүнүк жок. Кыргызстанда бюджеттин кирише-чыгаша саясаты, карыз алуу саясаты дээрлик жок, кабыл алган жаңы салык, бюджет кодексибиз көп жагынан туура эмес. Бюджет өзү көп учурда туура эмес түзүлөт, туура түзүлсө да туура эмес бекитилет. Мына ошонун жыйынтыгы чуру-чууга алып келүүдө. Өзгөчө кийинки убакта Кытайга каршы өзгөчө кыймылдар, маалымат чабуулу башталды. Кытайдын фирмаларын, компанияларын жамандоо, аларга каршы тескери иштерди жасоо көбөйүп кетти. Мунун эки себеби бар. Биринчиси, элибиздин экономикалык жактан караңгылыгы. Экинчиси, чоң тышкы конкурент өлкөлөрдүн Кытайды Кыргызстанга киргизбоо аракети катары түшүнүү керек. Океандын ары жагында чоң доо отурат. Башында биздин республиканын экономикалык-социалдык, жадагалса коопсуздук саясатынан бери ошолор жүргүзүп келген. Россия тилекке каршы, ошол кезде чабал болчу. Эми Россия Кыргызстандан өз ордун таба баштаган сайын тигилер чуулдап, ар кайсыны айта башташты.

Эми Кытайдын карыздарына келсек, алар өздөрү «ме ал» деп берген жок, биз өзүбүз суранып барып, алып жатабыз. Суранып алган нерсени толук, натыйжалуу жумшоо бул – биздин машакат. Алган кредитти максаттуу жумшай албасак, анда буга биз өзүбүз күнөөлүүбүз. Өзүбүздүн ичибиздеги башкаруучуларды тазалай албай, ошолордун тескери иштерине мүмкүнчүлүк берип, анан «жоо кеткеңден кийин кылычыңды ташка чап» деп чуулдап калуу бизге көнүмүш адатка айланды. Мисалы, абдан күчтүү, дүйнөдөгү номур биринчи елке болуп келаткан Американын өзүндө даты карыз абдан көп. Бирок, алар карызды алгандан кийин көрүнгөн жакка жулдуруп, алдырып жиберишпейт. Өздөрүнө керектүү нерсеге жумшашат. Бизде карызы өтө көп эмес, өтө аз деле эмес. 4,5 миллиард оңой эмес сумма. Бирок, ошол эле мезгилде карызды эки бөлүп караш керек. Карыз каякка жумшалды? Бюджеттин дефицитин жапкангабы? Экспорт-импорттун ортосундагы дефицитти жапкангабы? Сомдун курсун кармап тургангабы? Же социалдык-экономикалык өнүгүүгө жумшалдыбы? Ушунун баарын бөлүп караш керек. Дүйнөлүк валюта фонду биздин бюджеттин дефицита менен төлөө балансынын дефицитин жабууга, сомдун курсун кармап турууга гана акча берген. Ошол карыздар бүгүнкү күнү 4,5 миллиард доллардын 1,5-2 миллиардга чеиинкисин түзөт (муну каржы министрлигинен тактаса болот). Бул 28 жылдан бери өлкөнү башкарууда кеткен кимчиликтер. Ошондон бери туура эмес түзүлгөн башкаруу структурасы, ошондон бери күндөн-күнгө кучөп аткан коррупциялык схема, туура эмес каржы саясаты, дээрлик жок бюджет, салык саясаты, ушунун баардыгы жылына бюджетти бекиткен сайын ошонун дефицитен жабуу жана проценттерин төлөө үчүн алып келаткан кредиттер. Бул чынында жаман кредит. Жаман карыз катары аталат. Аны биз салыктын эсебинен кайра төлөшүбүз керек. Төлөп да жатабыз азыр. Ал эми Кытайдан келген 2,5 миллиардга жетип калган карыз – ал жолдорду курууга, энергетика системасын көтөрүүгө кеткен карыз. Негизи маселе – жок куруу керекпи? Баардыгы мойнуна алат, бир даты киши «жолду курбаш керек» деп айтпайт. Демек, бул керек карыз. Электр энергиясы керекпи? Бир да киши «керек эмес» деп айтпайт. Демек, бул керек карыз. А кеп аны кантип пайдаланып жатабыз, каякка жумшалды? Канчалык деңгээлде натыйжалуу жумшалды? Ошончолук деңгээлде жол салындыбы? Энергетика системасы ремонттолуп, же кошумча курулуштар болдубу? Кеп мына ошондо.

– Кредит керек экендиги албетте, талашсыз. Бирок, ал сиз айткандай, өз максатында пайдаланылбай, орто жолдон желип кетип атпайбы.

– Аны Атамбаев айтпай кетиптир. «Шапке», «10%» деген бар. Ага жөнөкөй эле мисал, энергетика системасына алган карызыбыздын эң биринчи «шапкеси» 10%, андан кийинки субподрядчиктер 10% алат, субподрядчиктерди текшере баштагандар 10% сиңирет. Ушинтип отуруп, болжолдуу алганда 40%га чейинкиси жоголот. 50-60 пайызы гана коюлган максатка жумшалат. ТЭЦ – бул бүгүнкү күнкү эле маселе эмес. Бүгүн ТЭЦ көйгөйүн көтөрүп жаткандар Американы ачкан жок.

Алар мурунку ТЭЦтин акчасын кошо жешип жүргөн эле коррупционерлер. Алар ал жердеги схеманы менден да, ТЭЦтин жетекчилеринен да жакшы билишет. Бирок, ар кимиси ар кандай деңгээлде аралашып, тыйын-тыпыр алып көнүп калгандар. 1990-жылдардын этеги, 2000-жылдардын башында эле тарифтерди кайра-кайра көтөрүү боюнча маселе каралган. Башында 35 тыйын, анан 50 тыйын, 72 тыйын болгондо эле биз карты чыкканбыз. Себеби, ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энериясынын өздүк наркы 11 тыйын, ТЭЦте өндүрүлүп жаткан электр энергиясынын баасы 18 тыйын болчу. А көмүрдү болсо биз ошол кезде эле Казакстандан алчубуз. Мурда вагондор менен Карагандыдан, Кузбасстан келсе, кийинчерээк машинелеп ташып калдык. Ошондо эле эки ортомчу бар эле: Казакстан тарапта бир ортомчу, Кыргызстан тарапта бир ортомчу. Көмүр чыгарган шахтанын баасы бир, ага Казакстандын ортомчусу өз баасын кошот, ага Кыргызстандын ортомчусу өз баасын кошот. Анан ТЭЦке келип түшкөндө азыркы баасы чыгып калат. Жолдо келатып, эч кимдин киргизген салымы жок эле баасы үч эсе көтөрүлүп атат. Ошол кездеги Казакстан премер-министри айткан, «кыргыздар эмне, жиндиби, көмүрдү түптүз эле шахтыдан ТЭЦке тартып кетпейби, келишим түзүп алып эле, ортодо элдин акчасын чачпай» деп. Ошондон бери келаткан нерсе. Ал эми ТЭЦтин ремонту 28 жылдан бери болдубу? 28 жылдан бери ремонтко деп которулган акчалар толугу менен ремонтко кеттиби? Аны айткан эч ким жок, эсептеген да эч ким жок. Ошондон бери жыйылып келаткан жыйынтык былтыркы кыштагы жарылуу болду. Аньш себеби, сөзсүз эле Кытайдан алган кредит эмес. Ал каражат керектүү нерсеге жумшалды. Бирок, ошончо жылдан бери бюджеттен бөлүнүп келаткан акчалардын баардыгы тең жеп-ичилип кеткен. Ошол кездеги ТЭЦтин башкармалыгы, ошол кездеги энергетика министрлеринин бири Улан Матеев Исландияда качып жүрөт, 18 млн. долларды жоготуп Шалкар Жайсаңбаев да качып жүрөт. Андан акча өндүрүп алган биздин экс-башкы прокурорубуз бул жерде «кайра революция кылам» деп чуркап жүрөт. Мына ушул нерселердин баардыгы биздин элдин мойнуна түшүп аткан азап-тозок да. Биз «тарифти көтөрбөгүлө» десек эле «эмне үчүн көтөрбөйбүз?» деп чуулдай беришет. «Францияда баланча евро экен, биз ошонун деңгээлине чейин көтөрүшүбүз керек» дешет. Бир суроо: а элиң ошол Франциянын деңгээлиндегидей жакшы жашап атабы? Ошондой айлык алабы? Элиңдин миллиондон ашык азамат жигиттери бөлөк өлкөлөрдө тентип жүрүшөт. Дагы миллионго чукул ички миграция бар. Алар жүрөт көчүп-конуп 600 миң пенсионериң, 600 миңге чукул мектеп окуучуларың, ичинде эч жерде иштебеген адамдары бар көп балалуу үй-бүлөлөрдү кантесиң? Ошолорго тарифти көтөрүүгө болобу? Бул геноцидге, өз элиңди кырууга, жаман нерселерге түртүүгө барабар. Электр энергиясына кеткен карыз – бул керектүү карыз. Бирок, ошону кантип пайдалануу- бул башка нерсе. Пайдалана албасаң, жедирип, жулдуруп ийсең, анда маселе козгоп, 28 жылдан бери башкарып келаткандарын баардыгын камап, кустуруш керек. Муну жалпы элге каршы жасалган иш катары түшүнүш керек.

– Кредиттер, гранттар экономикабызга канчалык деңгээлде жардам берди деп ойлойсуз?

– Албетте, алар жардам берди. Бирок, ал бекер. келген акчалар туура жумшалдыбы? Келген максатына жараша иштетилдиби? Же ортодо төрт-беш киши жеп алдыбы? Кеп мына ошодо. Бизде «структуралык өзгөртүү кылабыз, саламаттык сактоо, билим берүү, башкаруу системасын, ИИМди, прокуратураны реформалайбыз» деп канча грант келди. Ошол гранттын баардыгы каякка кетти? Реформа болдубу? Сот системасы, прокуратара өзгөрдүбү? Билим берүү менен саламаттык сактоону талкалап бүтүрдүк. А бирок, ким жаман, билим берүү министри, саламаттык сактоо министри жаман. Ал эми келген акчаларды жеп-ичип алгандардын баары жакшы. Ошолор отуруп алып кайра министрлерди күндө алмаштырып атпайбы.

Кайталап айтам, өлкөнүн карызын бетке кармап чуулдагандар эки гана максатты көздөйт: биринчиси, өздөрү билимсиз, караңгы, «жен эле эл дарбыса эшек кошо дарбыйт» деген сез. Экинчиси, кээ бир чет өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргош үчүн Кытайды жамандап, кыргыздарды ошолорго карты үгүттөө, эки элдин ортосуна чок салуу. Мен ошол адамдарга таптакыр түшүнбөйм. Эмне үчүн биз Кытайга карты болушубуз керек? 1,5 миллиард эли бар, Америка менен теңтайлашып турган өлкөгө биз кантип карты боло алабыз? Бул – биринчиден. Экинчиден, биздин кыргыздардын да бир тобу ошол жакта жашайт. Алар биз менен кошуна елке. Биз башка жакка көчүп кете албайбыз, Кытайды да көчүрүп жибере албайбыз. Жакшы мамиле кылып, «аке-жаке» деп оокат кылышыбыз керек да. Тогуз-Тородогу, Эмгекчилдеги жана түштүктөгү алтын боюнча чыккан чуулар мен үчүн түшүнүксуз. Мурда союз убагында уран, алтын казылчу. Ошондо эмнеге чуулдап чыгышкан эмес? Азыр эми ар бири өзүнчө чоң, ар бир айыл өзүнчө мамлекет. Жадагалса жал салса дагы «биздин экологияны бузат экен» деп кыйкырат. Бирок, ошол эле учурда «мага эмне үчүн жумуш жок, пенсия жок, дары жок» деп нааразы болушат. Анын баары кайдан келет? Асмандан түшөбү? Анын баары ошат иштегилген ишканалардан, казылган алгындан, курулган жолдон сатылган электр энериясынан түшөт. Чогулган акчаларды кезематдеп алыш элдин өзүнөн. Шайлоолордо иш билген, татыктуу кишилерди шайлашсын. Райаким болобу, айыл өкмөтунүн башчысы болобу, ошолорду туура тандаш үчүн өзүлөрү билимдүү болууга аракет кылыш керек. Ойлоп атасыңарбы, «биз базар экономикасына өтсөк эле 6 млн. калк бүт рынок экономикасын түшүнөт» деп. Эл эмес, биз, экономика илиминин кандидаттары, докторлору да рыноктун шартын толук түшүнө элекпиз. Себеби, бута чейин биздин башыбыздан өткөн жок да. Ошон үчүн элдин жалпы сабатсыздыгын жоюуга аракет кылыш керек. Бул биринчи маселе. Экинчи маселе, экономикалык-юридикалык сабатсыздыгын жоюу керек. Мына ушул үч маселени чогуу коюп чечсек, ошондо эл дагы ойлонуп мамиле кылат. Шайлоодо да ойлонуп добуш берет, инвесторлорго да ойлонуп мамиле кылышат.

Жен эле «мен кыйынмын» деп Чокчолой баатыр боло бериштин эч кажети жок.

– Атамбаевдин «биз энергетика жана жол боюнча көз карандысыздыкты камсыз кыла алдык» дегенине кошуласызбы?

– Толук эмес. Жол коопсуздугу маселеси дагы эле турат. Жолдун курулушунда да чоң коррупция жатат. Төө-Ашуунун ар жак-бержагы ушунчалык тешилген экен, чогултулган акча каякка кетип атканы белгисиз. Түндүк-түштүк альтеранативалык жолу боюнча эмнегедир Тогуз-Торо аркылуу Жалал-Абадга тоннель казып башташты. Ал эми Жумгалдын жолунан машине эмес, жөө киши басып өтө албайт. Эмне үчүн Жумгадан Кочкорго чейин бүтүрүп коюп, аржагын жасашпайт? Бул дагы чоң суроо. Эми мисал үчүн Атамбаев кетти, чуру-чуу болуп атат. «Тиги акчаны жедиң, бул акчаны сордуң» деп ар кандай шылтоолор менен жолдор да курулбай калышы мүмкүн. Коррупционер болсо дагы иштеп аткан Албек Ибраимов кетти, жаңысы эмдигиче бар же жок экени белгисиз. Күнүгө эле жетекчилерди алмаштыра берүү өнөкөткө айланып калды.

– Быйыл бажы төлөмдөрү үч эсе көбөйгөнү айтылды. Бул бир жагынан жакшы көрүнүш болсо, экинчи жагынан бул тармак буга чейин аябай коррупциялашып келгенин айгинелеп турган жокпу?

– Мен жана башында айтпадымбы, «бизде салык саясаты жок» деп. «Бажы тарифтеринин саясаты» деп коёт, бизде ал да жок. Анын баары коррупциялашкан. Дүйнөлүк практикада ушундай, өзүбүздүн өлкөдөн чыкпаган продукциялар келе турган болсо, ага эч качан бажы салыгы салынбашы керек. Өзүбүздөн чыкпаган продукцияга кем акыл киши гана, же өлкөгө душман адам гана бажы салыгын салат. Себеби, бул жакка келгенде кымбатгап, элдин эсебинен төлөнүп калат. Эл баары бир айласы жок сатып алат. 90-жылдардын башында бизде 5т жок элдин баары карайлап калган мезгилде Казакстандан контрабанда менен келип аткан ундун эсебинен эл ачарчылыктан чыгып кеткен. «Орто Азиядагы беш республика эмне үчүн чек ара куруп алды?» деген суроо мени такай түйшөлтөт. Алардын ортосунда бажы болбош керек эле. Бир үй-бүлө катары жашап, чек ара формалдуу гана болуш керек. Бажы саясаты туура жүргүзүлгөндө жыйымдар бажыдан эмес, салыктан түшөт болчу. Таңкаларлык нерсе, дүйнө жүзүндө бажы жыйымдарынан түшкөн киреше ашып кетпесе 01-03 пайыз. А биздики 30 пайыз. Негизи 90 пайыз салыктан түшүшү керек.

Жусуп Керманкулов

Булак: “Азия ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: