Menu

Канжар Кадыралиев боюнча эл үмүтү президентте

Бөлүшүү:

Бир нече кылмыштар боюнча айыпталып, соту Чубактын кунундай созулган мурдагы прокурор Канжар Кадыралиев тууралуу адилеттүү чечим кабыл алынчу мезгил келди окшойт. Мурдагы бийлик тушунда анын үстүнөн үстөккө-босток арыз түшкөнүнө карабай, шоопур-жансакчылар коргоп келгени белгилүү. Эми болсо Кадыралиевдердин кылык-жоругунан тажап бүткөн жердештери президент Сооронбай Жээнбековдон калыс чечим күтүп, ишенимден кеткен сотторду бул ирет катуураак көзөмөлгө алаар деп үмүттөнүп турушат. Жаңы бийлик келгенден кийин деле Канжар Кадыралиевдер камалбай, чартаңбай тээп эркиндикте жүрчү болсо эл үмүтү заматта сууп калаарын президент жана анын тегереги деле аңдап тураар. Ишкерлерди тоногондор темир тор артына кетсе, президенттин кадыры эселеп өсөөрү турган иш.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: