Menu

Өлкөнүн атын жамынган өлөсөлүү партия – “Кыргызстан”

Бөлүшүү:

Шайлоо маалында партиялар кыргыз элине кыялыңа да келбей турган убадаларды беришет. Кайсы бирин эстеп калаарыңды билбей башың тегеренет. Алардын көбү Жогорку Кеңешке өтүп алаары менен убадалары, куру ураандары кагаз беттеринде саргайган бойдон кала берет. Мына ушундай убада берип жалаң капчыктууларды катарына чогултуп, өлкөнүн атын коюп «Кыргызстан» деп аталган партия шайлоого аттанган эле. Бул партиянын кожоюну катары «алкомагнат» Шаршенбек Абдыкеримовдун аты аталган. Акча менен «арак» жыттанган партиянын ошондогу убадаларын тизмектеп керсек дедик.

Мандаттын “ыры” менен чыры

Шайлоонун «ыры» бүтпөй жатып Жогорку Кеңешке өттү деген партиялардын ичинен «Кыргызстан» фракциясынын чыры дароо башталган. «Мага мандат берилип кайра алып коюшту, депутаттыкка өткөргөн жок, мынча миң доллар бергем» деп бири-биринин бет кабын сыйрып, акча менен добуш алып келгенин өздөрү айтып чыгышкан. Бирок, акчасы кеткенин уруп ойнобогон партиянын лидери Канат Исаев ЖКнын босогосун аттаган «Кыргызстан» фракциясы 2-3 депутаттын мандатын «каракүч» менен тартып алганы эсибизде. Бизди таң калтырганы 2015-жылдын июнь айында түзүлүп, күзүндө жеңишке жетип ман датка ээ болгон 6 партиянын үчүнчүсү болуп келген.

Башкалар сөз беришет, биз аткарабыз деди эле. Сурайлычы “кана эмнени аткардыңар?”

Атаңгөрүүү дейсиң, «Башкалардын убадасын аткарганды эмне кыласың, биринчи өзүңдүн убадаңды аткарчы каралдым» дей турган киши жок. Унутулган убадаларды эстегилери келбейт. Дымагы бир казан ашты бышырып жиберчүдөй сүр менен сүрмө топко аралашкан «Кыргызстан» фракциясынын депутаттары азыр өз түйшүктөрү менен убара. Эптеп күн өткөрүп жүрүшөт. Деги эле ураан-сүрөөндөрү укмуш кооз эле. Шайлоо алдында ал куру убадалар баардык жерге жазылып, баннерлерде илинип, азыр болсо тоокканага калканч болуп, айылда чөп жабылган бойдон унутта калды. Ушул эле депутаттар 2020-жылы ар кимиси ар кайсы партия менен кайрадан эл алдына барса таң калбайбыз деле.

Ипотека менен үй берип, элди жумуш менен камсыз кылабыз

Баардык партиялардын өзөктүү программасы эле ушул, ипотека менен үй беребиз, калкты жумуш менен камсыз кылабыз дешет. Баары бул сөзду жаттап алышкан. Тилекке каршы бул боюнча «Кыргызстан» партиясы аракет кылып койгонго жараган жок. Эмне себептен айтылган убадалар ордунан козголбой жатканын сурасаң, капкаяктагы бир жоопторду айтып, «куучөп» менен оозун сүртүшөт. Шайлоо маалындагы убадалардын бири ипотекага жаш үй бүлөлөргө аз пайызда батир алууга көмөкчү болобуз дешкен. 3 жылдан бери курулай убадалардын шаңы гана өчкөнү болбосо, “Кыргызстан” партиясынын жардамы менен ипотекага үй алган адамды кездештире элекпиз.

“Жетим калган” жети кадам…

«Бакубат Кыргызстан», «Ыймандуу Кыргызстан», «Дени сак Кыргызстан», «Жигердүү Кыргызстан», «Билимдүү Кыргызстан» деген сыяктуу 7 кадамыбыз бар, биз Жогорку Кецешке келеек эле ушул кадамдар менен өлкөнү болуп көрбөгөндөй өзгөртүп салабыз» деп шаңыраңдашты эле. Тилекке каршы ал кадамдар азыр «жетим» калган тайлактай ара жолдо калды. Бир кадамын жасаганды кой, аракет да кыла алышкан жок. Бакуоат, дени сак, кубаттуу, билимдүү Кыргызстандын жыргалын «Кыргызстан» партиясы менен мандат алган көпөстөр көрүп жатпаса, убайын байкуш карапайым эл тартып жатканы ачуу чындык.

Жеңилдетилген насыя берип, элди бай турмушта жашатабыз

Айылдагы жарыбаган айлыктын көзүн карап олтурган жаш мугалимдер менен дарыгерлерге жеңилдетилген насыя берүү дал ушул партиянын программасында айтылып, убада даты берилген. Жок дегенде ушул айтканын аткарып, элге жеңилдетилген насыя алып берүүнү ишке ашырса «Кыргызстан» фракциясына батабызды берет элек. «Бээ көрдүңбү жок, Бээкөрдүңбү жок» таризде күн өткөрүп келишет…

«Биз, кыргызстандыктар, ЕАЭБ өлкөлөрүнө экологиялык жактан таза эт, сүт, мөмө-жемиш азыктарын рынокко чыгарууга жетише алабыз» дешкен. Качан жетишээр экен деп олтурсак убакыт өтүп кетчүдөй. Карапайым эл этин, сүтүн, мөмө жемишин өзү эле бажы биримдигине мүчө мамлекеттерге өткөрүп, эч кимге дооматын артпай эле оокатын кылып жатат.

Медициналык жабдыктарды алып келебиз…

Эскирип, өлбө жаным өлбө деп турган медициналык жабдыктарды жаңыртып беребиз дешсе дарыгерлер баш кийимин көккө ыргытып кубанышкан. Бир дагы мамлекеттик медициналык мекемеде Кыргызстан партиясынын атынан коюлган аппараттар жок. Болгон дагы эмес, болбойт дагы. Эсил кайран союз урагандан бери Кыргызстан калкын жумуш менен камсыздоого жетишээрлик көңүл бура албай жатат. Алардын ичинде өнөр жай тармагы өтө жай өнүгүп жаткандыгын эч ким жашырбайт. Муну шайлоо убагында эстей калган Кыргызстан партиясынын негиздөөчүсу Шаршенбек Абдикеримов калың элдин алдына чыгып «Биздин партиянын мүчөлөрү Баткен аймагы боюнча 100гө чукул өнөр жайларды ишке киргизүугө белсенип жатат. Кытайлык инвесторлор менен биргелешип, кыш заводдору, цемент, акиташ заводдорунун курулуштарына өзүңүздөр күбө болуп турасыздар. Өзүбүз аракет кылсак, чет жерге жумуш издебей, үй-жайыбызды таштабай эле ушул жерден баар табабыз. Биздин топурак, ташыбыз, суубуз, кендерибиз өзүбүздүн кол менен иштетилип, пайдасын көрүүгө тийишпиз» деди эле. Андан бери жүздү мындай кой, 5 ишкана курулуп ишке берилгенин уга албай койдук.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: