Аалам ар кыл ийгиликтерди багындырып, жасалма адам (клон) да жасап жатат. Бирок, биз кадыресе диагноз коё албаган кейиптебиз. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин министр болгонуа 5 ай, дээрлик жарым жылга чукул убакыт өттү. Бул аралыкта мажирөөлүгү менен эсте калды.
Баягы итке минген медицина тармагы дагы деле жылыш кыла албай атат. Ааламда болсо 5 ай эмес 5 күндө жаңы өзгөрүүлөр. Жетекчи катары чечкиндүү кадамдарды жасай албай жатканы эмнеден кабар берет? Ушул жуманын башында Жогорку Кеңештин комитет жыйынына келип, жаш баладай тил укту, депутаттардан. Уят да, эй! Качанкыга чейин бирөөлөрдүн мажирөөлүгү үчүн мамлекет өмгөктөй берет?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ