Menu

Данияр Шабданов, Кара Балта шаарынын мэри: Кечээ Бабановго чуркаган “байкелерим” бүгүн Сооронбай Шариповичке мени жамандап жүрөт

Бөлүшүү:

—Данияр Автандилович, акыркы күндөрү сиздин ишмердүүлүгүңүзгө карата сын-пикирлер айтылып, «Замандаш» партиясынын бир өкүлү доомат арткан кайрылуу жасады. Сөздөрдүн чыгышына негиз барбы же саясий оюндан улам от алып жатабы?

—Кара-Балта шаары тынч, мамлекеттик кызматтын баардыгы күнү-түнү тынбай иштеп жатат, элдин эч кандай нааразычылыгы жок. Бирок, Жогорку Кеңештин шайлоосу жакындап калгандыгына байланыштуу айрым топтор тынч жаталбай, шайтан оюндарын баштады. Гезит жана сайттардан түрдүү ушактарды таратып, мени каралоого аракеттенишүүдө. Тактап айтканда, мага карата айтылган сын-пикирлердин биринин дагы чындыгы жок, бардыгы саясаттан улам чыгып жатат. Көрсө, буга чейин атка минип жүргөн кээ бир «агаларыбыз» Кара-Балта чөлкөмүн менчигиндей көрүп, өздөрүн кадимкидей хан сезип калыптыр. Ошол кишилер көшөгөнүн артында туруп алып өйдө-ылдыйды анча түшүнбөгөн жаш балдарды тукуруп, ички мүдөөсүн ишке ашырганга аракеттенип жатат. Алардын катарында кайрылуу жасаган «Замандаш» партиясынын өкүлү бар. Мага жеткен маалыматтарга караганда ал бала Кара-Балта шаарына көчүп келип жашаганына аз гана убакыт болуптур. Эми ойлонуп көрүңүз, кеч  келген киши бүгүн шаардын көйгөйүн түшүнүп, күйүп-быша алабы? Муну бирөөлөр колдонуп, саясат жасап жатканы бул жерде ачык көрүнүп турбайбы. Мен «Замандаш» партиясына сөз тийгизгим келбейт, ыраматылык Мухтар Өмүракунов мыкты ишти жасап кетти, бирок азыр даяр оокатка келген жаш балдардын парасаты өтө төмөн окшойт, болбогон бир тыйынга азгырылып ыплас, кир саясатка аралашып, партиянын атына көлөкө түшүрүп жатат. Кара-Балтадагы канча жылдан бери бекем берилген «Замандаштын» балдары жерге түкүрүп, тескери кетти. Мен жаш балдар ката кетиргенин түшүнүп, ойлонот деп ишенем, бирөөнү курулай каралоо «Замандаш» үчүн эч качан абийир алып келбейт.

—Доомат арткандар таштанды көбөйдү деген сөздөрдү айтыптыр?

—Муниципиалдык кызматтар өз ишин аткарып жатат, андай кайрылуулар жок, шаар тургундары буга күбө, сиз деле көрдүңүз. Бирок, түн ичинде таштандыларды көчөгө төккөн фактылар катталды. Эртеси таң атпай ошол кварталда жашаган адамдарды чогултканга аракет кылып, акча сунуштап, мэр начар иштеп жатат деп сүйлөткөнгө аракет көргөн жагдайлар орун алып жатат. Бул жалпы элге белгилүү саясий технология.

—Демек, сиздин ордуңуз кимдир бирөөгө керек болуп жатат…

—Менин ордум көп кишиге керек. Кызматка көзүн кызарткандардын айынан буга чейин Шаардык кеңеш эки жолу тарады. Президенттик кызматка талапкер болгон үч адамдын кызыкчылыгы кагышып, эки  ирет бир пикирге келе албай койду.

—Тийиштүү добуш топтой албагандыгына байланыштуу Шаардык кеңешти таратканга аргасыз кылды деп сизди айтын жүргөндөр бар?

—Бизде жалпы 31 депутат, мэрди шайлаганга 16 депутат керек. Эки жолу тең мени колдогон 18-19 депутат келди. Бирок, мыйзамга ылайык, депутаттардын үчтөн экиси келгенде кворум түзүлөт, тактап айтканда, иш башталышы үчүн 21 депутат келиши керек эле. Анан булар менин өтөрүмдү билип, кворум түздүрбөй, телефондорун өчүрүп кетип калышты. Октябрда бардыгы күткөн президенттик шайлоо өттү, жүгүрүп жүргөндөрдүн деми сууду, анан бардык кеңештин шайлоосун өткөрдүк, эки талапкердин партияларын эл колдогон жок.

—Сындагандар сизге 6-7 кылмыш иши козголгонун айтыптыр, бул чынбы?

—Анын баары калп. Мурун чоң кызматтарда иштеген менин «байкелерим» Жогорку Кеңештен атайын тапшырма берип, мен сатпаган жер боюнча бир гана иш козготушту.

—Кантип сатпаган жер боюнча козгойт?

—Булар мени кетириш үчүн ошондой кадамга барып, ишти сотко чейин жеткирди, үч инстанцияда каралып, бүт бардыгы мен тарапка чечип берди. Кандай болгонун толугураак айтсам, бир жаран 30 чарчы метр жер тилкеси үчүн арыз жазган экен, аны жер комиссиясы карап, берилсин деп чечиптир, мен ага кол койгом. (Мен жер комиссиясы берилсин деп же берилбесин деп чечсе да кол коюшум керек). Сатык боюнча келишим жүргүзөр маалда мэрия кызматкерлери арыз жазган кишинин документтерин сураса, ал Казакстандын жарандыгын алган экен, сатылбайт деп, ишти токтотуптур. Ал жер тилке сатылбай, мэриянын карамагында турган кезде мыйзамсыз түрдө кылмыш ишин козготуп, соттук процесстерди жүргүздү. Башка иш жок, ал эми чарбалык талаштар буга чейин болуп келген, мындан ары да болот.

—Президенттик шайлоодо Чүй региону боюнча эң көп добушту топтогонунуз үчүн интрига аралаган жокпу?

—Чүй облусу боюнча эң мыкты добушту карабалталыктар берди, бул жергиликтүү бийликтин ишинин үзүрү деп эсептесек болот, Сооронбай Шарипович үчүн 8 миң добуш берди. Тилекке каршы, ошондогу кыл чайнашкан тирештин кесепети бүгүн башыбызга тийип, туш тараптан каралоого кабылдык. Ошол убакта Бабановдун акчасын чачып жүргөн агаларыбыз үрпөңдөп: «Эй Данияр эртеңки күнүңдү ойло, биздин талапкер утат, тагдырыңды талкалап алба, тизгиниңди тарт» деп ачык эскерткен. Эми ошолор бүгүн башка «маска» менен Сооронбай Шариповичтин алдына барып, «Шабдановду кетир, ал Икрам Илмияновдун кадры» деп бузуку иштерин жүргүзүүдө. Эгер ал «агаларымдын» эл арасында кадыры болсо 300 добушу бар айылдарынан утуп бербейт беле?

—Баса, Икрам Илмияион чындап эле сиздин «крышаңыз» беле?

—Икрам Илмияновду мурун тааныбайт элем, кийин партиянын иши менен жолуккам, таанышкам. Болгону ошол. Азыр мени жаманатты кылыш үчүн жабыштырып жатат. Болбосо ал киши менен убагында кимдер гана иштешкен жок.

—Назми Бадалов деген киши менен биригип алып «бизнес» кылат деген сөздөрдү видео роликтер менен таратып жатат, буга не дейсиз?

—Бадалов менен бирге дегендер жаңылышат. Ал 2013-жылдагы шайлоодо «Эламан» деген партияны түзүп мага каршы шайланып келген, бүгүнкү күнгө чейин пикирибиз эки ача. Бирок, ага караштуу ишкана Кара-Балта шаарындагы жашылдандыруу, жарыктандыруу, таштандыны тазалоо, суу жеткирүү ж.б. көптөгөн иштерди тейлейт, кызматташканга мажбурбуз. Себеби, 90-жылдары Кара-Балтанын жергиликтүү тазалык компаниясын сатып жиберишкен экен, бул бизде азыр чоң КӨЙГӨЙ. Албетте, өзүбүздүн тазалык компаниясын түзөлү деген ниетибиз бар, «Жунда» компаниясына кайрылып жатабыз, мурункуну сатып алалы десек кымбат айтып жатат.

-Завод иштеп жатабы, экология көйгөйү боюнча эмнени айта аласыз?

-Завод иштеп жатат, экология жакшы дегенден алысмын, маселеле бар. Ишканага жакын жайгашкан кварталдардан түн ичинде сасык жыт чыгат деген арыздар түшө баштады. Булар жыт чыгарбайбыз деп убада берген, бирок технологиясын бузуп жаткан окшойт, биз кайрылдык.

—Жети жыл башкарыпсыз, жетишкендиктер барбы?

—Жыл сайын бирден бала-бакча салып, «Керемет бөбөк», «Нур-бешик», «Эркетай» деген бөбөктөрдүн ордосун курдук. Өкүнүчтүүсү, 2016-жылы өкмөт сатыктан түшкөн салыкты жойгондон кийин кыйынчылык жаралды. Эгер ошол 2% салыкты жойбогондо Кытай компаниясынан эле шаардын бюджетине 60тан 100 миллионго чейин каражат түшмөк, биз көп нерсени чечмекпиз. Азыр «Жундадан» пайда жок, жер салыгы сындуу майда нерселер гана турат, зыянын тартып жатабыз. Өкмөт биздин кайрылууну карап, сатыктан түшкөн салыкты калыбына келтирсе чоң жардам болот эле. Бирок ага карабастан шаардын чакан боюджети менен үч килемдүү үч спортзал салдык. Мындай Кыргызстанда жок. Кичи футболдук залдан 5ти салдык. Бишкекте былтыр мактанып, сыналгы менен газетага чыгарып, өлкө боюнча эң чоң 350 орундуу бала бакча салынды деген. Биз 500 балага салдык, бирок жарыя кылган жокпуз. Ошондой эле «Евразия металл» заводу ишке кирди. Сентябрь айында президенттин катышуусу менен Тоокенкомбинаты ишке киргени турат. Токтоп калган заводдор ишке кирип, спирт заводу ачылганы турат. Арабдардын фонду аркылуу жетим-жесир, колунда жокторго 40 үйдү бекер салып бердик. Шаардын ылдый жагындагы суу баскан жерлерди тазалоо үчүн 5 миллион евро кредит алдык. Анын 3 миллиону грант катары берилди. Кыскасы, айта турган ийгиликтер көп, Кудайым элге кут кылсын.

Зулпукаар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: