Menu

Казак ТИМи Алматы аэропортундагы кыргыз жарандарын ыксыз текшерүүлөрдү териштирет

Бөлүшүү:

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги 14-сентябрда Кыргызстан жөнөткөн нааразылык нотасындагы фактыларды текшерип жатат. Бул тууралуу EADaily басылмасы өлкөнүн тышкы саясат мекемесинин басма сөз катчысы Айбек Смадияровго шилтеме кылып жазды.

«Биз азыр кеп конкреттүү кайсыл текшерүү фактылары жөнүндө болуп жатканын териштирип жатабыз. Казакстандын аэропортторунда коопсуздук режими бардык жүргүнчүлөр үчүн бирдей. Өткөрүү пунктарында жарандар мамлекеттик чек ара тууралуу мыйзамга ылайык суралат», — деп билдирген басма сөз катчы.

14-сентябрда Казакстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Карим Кокрекбаев Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, нааразылык нотасы тапшырылган. Буга «Алматы эл аралык аэропортунда кыргыз жарандарынын системалуу түрдө текшерүүгө алынып жатканы» себеп болгон.

«Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Казакстандын компетенттүү органдарынын аракеттерине тынчсыздануусун билдирип, казак элчисине ТИМдин тиешелүү нотасын тапшырды», — деп жазылган кыргыз ТИМинин билдирүүсүндө.

Аэропорттогу текшерүүлөргө байланыштуу Кыргызстан ТИМи быйыл майда дагы Казакстанга нааразылык нотасын жөнөткөн. Анда Астана текшерүүлөр «эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрү менен жардамчыларын аныктоо иштерине байланыштуу» экенин билдирген.

Буга чейин кыргызстандыктар Алматы аэропортунда түрдүү шылтоолор менен суракка алынып, жеке маалыматтары менен мобилдик телефондорунун IMEI-коддорун жазып алып жатышканына бир нече жолу даттанышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: