Menu

Акыйкатчы ким болсо дейсиз?

Бөлүшүү:

КР Акыйкатчысы кызматына парламенттеги КСДП фракциясы Токон Мамытовду көрсөттү. Акыйкатчы болом дегендерин арасында азырынча укук коргоочу Рита Карасартова, Өмүрбек Текебаевдин адвокаты болуп жүргөн Канат Азиз аттуу жигит да бар. Акыйкатчы катары кимди көргүңүз келет деген суроо менен инсандардын ой-пикирлерин уктук…

Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты:

-Акыйкатчылыкка Канат Азиз менен Рита Карасартова жарамак. Токон Мамытов шайланып калса, анда Омбудсмен институтунун иши бүткөнү ошол. Токон Мамытов өмүр бою КГБда жүргөн киши. Ал киши кантип анан укук коргоочу боло алат? Омбудсмен биринчи кезекте укук коргоо органдары менен күрөшө турган адам болушу керек. Эрки бар, бийликке жакпаган, ачуу чындыкты ар дайым айтып турган киши керек. Мамытов эч качан анткен эмес. Өмүр бою келген бийликке ыктап, жан багып жүргөн киши.

Алмазбек Акматалиев, окутуучу:

-Ким акыйкатчы болоорун парламент чечет. Айтылып, көрсөтүлүп жаткан талапкерлердин арасынан баары эле тажрыйбасы, адистиги боюнча татыктуу эле инсандар. Бул жерде бийлик менен да, граждандык коом менен да, башка өлкөлөрдүн, өзүбүздүн укук коргоо органдары менен да иштей алган кесипкөй адам керек. Сөзсүз эле жаш же тажрыйбасы мол деген гана критерийден карабаш керек. Эң негизгиси: акыйкатчы принципиалдуу, активдүү, кайдигер эмес адис болушу керек.

Кадыр Кошалиев, журналист:

-Акыйкатчы коомдогу укук бузууларды көзөмөлгө алган батышчыл институт биздин табиятка туура келген жок. Ал эми элдик курултай – адилеттиктин, элдик бийликтин кепилдиги катары өзүн эң сонун актамак. Аталган институтка жылына 300 миллион сомдой каражат коротулат экен. Демек аталган институт кыргыз коомунда өзүн актаган жок! Казына каражатын туура пайдаланып, анын ордуна элдик курултайды орнотуу керек.

Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:

-Тилекке карты, СДПК депутаттары эмне кылаар айласын таппай калышкандай. Фракция ичинде талкуунун узундугун көрүп эле түшүнгөндөй болдук. Коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, мыйзамды өздөрү бузганы жатышат. Отурумда Дастан Бекешев мырза так айтты: “Талапка Токон Мамытов ылайык келбейт” – деп. Менин оюмча, Токон Мамытов элдин пикирин угуп, талапкерлигин алып коюшу ыктымал. Татыктуу деп Канат Азиз, Рита Карасартовалардын талапкерлигин көрүүдөмүн. Буларда билим, тажрыйба, принцип, позицияларынын бекемдиги жана эң башкысы дух бар экени шексиз. Бул талапкерлер акыйкатчы болсо элге, бийликке, эл аралык аренага да чоң пайдасы тиет.

Мирлан Алымбаев

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: