Menu

Уурулар кармалыптыр….

Бөлүшүү:

Бишкекте кылмыштуу топтогу адамдар кармалганын милициядан маалымдашты. Милициянын маалыматына ишенсек, буга чейин Бишкектин жака белинде, Чүй облусунун айылдарында катталган кылмыштардын бир тобун кармалган адамдар жасашыптыр. Мисалга алсак, быйыл жайында Аламүдүн районун Ленин айылында акча алмаштырчу жайды белгисиз жарандар карактаганы белгилүү болгон. Ал окуядан көп өтпөй эле, аталган айылда 26 жаштагы такси айдоочуну өз машинесинде муунтуп өлтүрүшкөн.

Ошондой эле Аламүдүн районундагы Көк-Жар кичи районунда бир нече үйгө уурулар кирип, бир топ суммадагы акчалар, баалуу буюмдар уурдалганы, алардын ичинде белгилүү диний аалым Абдышүкүр Нарматовдун үйү да бар экени, дин аалымынын үйүнөн 6 миң доллар уурдалып, 21 жаштагы баласы уурулардын колунан бутуна ок жегени маалымдалган. Айтор мына ушул окуялардын баарына кармалган уурулар шектелип жатканы белгилүү болду. Адатта милициялар абалдан чыгуу үчүн коп кылмышты бирөөнө үйүп койгон көрүнүштөрдү байкап, билип жүрөбүз. Бул да ошондой болбосо экен…

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 − 81 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: