Бишкекте ымыркай сатуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аборт жасаган деп шектелип акушер кармалганы Башкы прокуратурадан маалым болду.
Маалыматка караганда, медик 32-33 жумалык, тагыраагы сегиз айлык боюнда бар аялга аборт жасаган. Бирок азырынча бул кылмыштуу окуя кайсы мекемеде жасалганын ачыкка чыгарышкан жок. Бул боюнча азыр да тергөө иштери жүрүп жатат. Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Эске сала кетсек, жакында эле Бишкекте бала саткан бир нече дарыгерлер кармалган.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ