Menu

Жалал-Абадда студенттерге экзаменден баа койдуруп берем деп 10500 сом мыйзамсыз сый акы алган мугалим кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 26-июль күнү жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан жогорку окуу жайлардын (ЖОЖ) биринде иштеген “Динара” аттуу жаран, “А” аттуу жарандан жумушуӊду бүтүрүп беремин деп олуттуу өлчөмдө акча талап кылып жаткандыгы боюнча маалымат алынган.

Аталган маалымат Жалал-Абад ОИИБдин МЭЖна 26.07.21-жылы “Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу” болуп катталып, ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин                        238-беренесинин  (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жогорудагы сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам иштердин натыйжасында, 2021-жылдын 28-июль күнү саат 11:00 чамасында, ЖОЖ окутуучусу А.Д., факультеттин деканынын  кабылдамасында, студенттердин сабактарынан экзамендерди бүтүрүп баа койдуруп беремин деп, 10500 (он миң беш жүз) сом акчаны мыйзамсыз сый акы кылып алгандыгы аныкталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө А.Д. студенттердин аты-жөнүн жана алардан алган акчалардын суммасын бир барак кагазга жазып, ороп койгон жеринен өз ыктыяры менен алып, тергөө кызматына тапшырган жана атайын тергөө аракетинин жүрүшүндө далил буюм катары алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча А.Д.га карата Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 238-беренеси боюнча айыбы угузулуп, Жалал-Абад ОИИБдин тергөө кызматы тарабынан өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: