Menu

Жалал-Абаддын 2 тургуну баңгизат менен кармалды

Бөлүшүү:

Жалал-Абад Облусунда 2 жарандын үйүнөн жарым килограммдан ашуун баңгизаты табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 18-октябрда түнкү саат 23:00 чамасында, Жалал-Абад шаарындагы “Бай Эл” базарынын жанынан Сузак районунун Ырыс айылынын Х.Х. 22 жаштагы аттуу тургунун текшерген учурда жанынан “Гашиш” баңги заты табылган. Эртеси 19-октябрь күнү ыкчам иликтөө тобу Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылындагы үйлөрдүн бирине барган учурда үй ээси 26 жаштагы Л. кагазга оролгон “Гашиш” баңги затын милиция кызматкерлерине тапшырган.

Ага кароо жүргүзгөн учурда анын колдонуп жүргөн телефонунан баңги затына байланышкан фотоматериалдар табылган. Анын үйүнө тинтүү иштери жүргүзүлүп, үйүнүн ичинен “Гашиш” жана “Марихуана” баңги затттары калыстардын катышуусунда табылып алардын жалпы салмагы 0,5 кгдан ашык болгон.

Жогорудагы 2 факты боюнча Жалал-Абад ОИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КЖКнын 246-беренесинин 3-бөлүгү (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иштери козголуп тергөө амалдары уланууда.

Булак: Кyrgyztoday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: