Menu

Түркияда 74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды

Бөлүшүү:

Түркияда 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш аракетине катышкандыгы үчүн 74 аскер кызматкери өмүр бою эркинен ажыратылды. Алардын 56сы жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абактарда өткөрүшөт. Бул тууралуу Anadolu агенттиги кабарлады.

Жалпысынан Анкарада мамлекеттик төңкөрүш аракетине байланышкан иштер боюнча шектүү катары 152 адам өтүүдө. 31 иш боюнча актоо өкүмү чыккан.

Соттун маалыматына караганда, мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылгандар Түркиянын Башкы штабынын мурдагы башчысы Хулуси Акарды барымтага алып, Акынжи авиабазасынан түрк премьер-министринин резиденциясына жеткиришкен. Аны учагы менен алып барган учкуч Угур Капан 29 өмүр бою эркинен ажыратылды (жалпысынан 4000 жыл).

​Түркияда аскердик төңкөрүш аракети 2016-жылы 16-июлга караган түнү болгон. Аны бийлик күч менен токтотуп калган. Жалпысынан анда 250дөн ашык киши каза болуп, 2200ү жаракат алган. Андан кийин өлкөдө аскердик абал киргизилген. Төңкөрүш аракетине байланышкан алгачкы сот отурумдары 2017-жылы декабрдын аягында башталып, 2018-жылы январда алгачкы өкүмдөр чыгарылган.

Turkey Purge укук коргоо сайтынын маалыматына караганда, мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин 500 миңден ашык кишиге кылмыш иши козголуп, алардын 96 миңден ашыгы камакка алынган.

Анкара төңкөрүш жасоо аракетинин артында 1999-жылдан бери АКШда жашап жүргөн ислам диниятчысы Фетхуллах Гүлен турат деп эсептейт. Түрк бийлиги аны АКШдан өткөрүп алууга аракет кылып келет, бирок азырынча анысынан майнап чыга элек.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: