Menu

Сагымбай Орозбаковдун небереси, Келсинбүбү Кадыркулова: Таятамдын манасчылыгы өзү айткандай жээндерине өткөн. Бирок, баары эле…

Бөлүшүү:

Жалпы коомчулукка белгилүү болгондой ушул айдын этегинде заманыбызбын залкар манасчысы Сагынбай Оорозбак уулунун 150 жылдык мааракеси Кочкордун “Ормон Хан” айылында өткөнү турат. Мына ушул мааракеге карата улуу манасчынын урпактарынын биры Келсинбубү Кадыркулованы кепке тарттык. Келсинбу эже, бизге буга чейин алп манасчынын урпактары тууралуу белгисиз болуп келген бцр топ кызыктуу маалыматтарды айтып берди.

—Эже, алгач окурмандарга өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

—Мен Сагымбай манасчынын жээн небересимин. Сагымбай таятабыздын 6 баласы болгон. Үч баласы жаштайынан эле каза болуп калыптыр. Бир эркек, эки кызы бир топ жыл жашашты. Мен кичүү кызы Бүбүйранын кызынын кызы бсшом. Мени Сагынбай таятамдын Сайнап деген байбичеси багып өстүргөн. Анткени, Жамангул таякем балалуу болбогондон улам, мени 3 айымдан баштап багышкан. Биз Орто -Токой айылында жашачубуз. Таенем байкуш 1967-жылдан баштап абышкасынын 100 жылдык мааракесин өкмөт өткөрөөр бекен деп 2 жылдай абдан зарыгып күтүп жүрдү. Бирок өкмөт ал жылдары мааракени өткөрмөк тургай, улуу манасчыны эстеп да койгон эмес. Ошондон улам таенем катуу кейиди. 1969-жылы “Кой, абышкамды баары унутуптур. Эстеген киши жок. Абышкам улам-улам түшүмө кирип жатат” – деп сүйлөнүп, катуу кайгырды. Мен: “Коюңузчу, түшкө эмнелер гана кирбейт” – деп бышык болуп койдум. Бирок таенем ошол айткан сөзүнөн көп өтпөй эле катуу ооруп, мен 7-классты окуп жатканда 73 жашында каза таап калды. Сайнап таенем Сагымбай таятамдын экинчи аялы. Биринчи байбичеси каза болуп калган, андан бала жок. Таенем Ормон хандын чөбөрөсү болот. 1916-жылы Үркүндө эл менен кошо Кытайга чейин барып келишкен экен. Кытайга кетип баратканда Сайнап таенемдер Кытайга барсак, кытайлар тартып алышат деген ой менен алтын билерик, шакек, сойко жана башка ар кандай баалуу жасалгаларынын баарын Ат-Башынын кайсы бир жериндеги карагайдын түбүнө көмүп кетишкен экен. Хандын чөбөрөсү болгон үчүнбү, айтор баалуу буюмдары көп эле болгон окшойт. Жеке эле өзүнүкү эмес, таенемдин тууган – уругундагылардын баарынын баалуу буюмдары көмүлүптүр. Бирок Кытайдан кайра кайтып келатканда, кайсы карагайдын түбүнө көмгөнүн билишпей, баягы баалуу буюмдарын кайра ала албай калышкан экен. Кийин Ат-Башыга барган сайын эле токойлуу жерлерди карап: “Ушул жер беле, же башка беле”- деп үмүт кылып, издөөгө аракет кылып жүрдү. Бирок ал буюмдары табылган жок. Таенемдер Кытайга азап-тозок менен жетишиптир. Боорунда көтөргөн баласы бар экен. Таятам эл улам эс алып токтогон жерден манас айтып, дем берип жүрүп олтуруптур. Кытайга барганда, таятамдарды жакты тосуп алышып, манас айттырып, улам бир үйгө чакырышып, анын акысын беришип, айтор курсактары ток, кийимдери бүтүн болуп жашашыптыр. Таятам манас айтканда ким эмне берсе, ошонун баары ортого коюлуп, элге тегиз бөлүнүп берилчү экен. Таенем аялдыкка салып: “Өзүбүзгө кичине алып койсок жакшы болбойт беле”-деп чыйпылыктаганда, таятам: “Болот, коё тур. Кудай буйруса баары болот” – деп койчу экен. Кытайдан кайра келатканда, дагы катуу кыйналышыптыр. Жолдон таятамдын Алишер деген агасы катуу ооруп калып, Ат-Башыга келгенде каза болуп, анын сөөгү Кошой-Коргонго коюлуптур. Ат-Башыда туугандарыныкында эки жыл жашашып, Кочкорго көчүп келишиптир. Алишердин аялы Мариямды кошо ала келишет. Анын Сабира деген кичинекей кызы бар экен. Туугандары кеңешип олтуруп, “Мариямды кимге түртө салат элек ”- дешип, таятама башын байлап коюшуптур. Кайнагасынын аялы болгондон кийин, таенем карты чыкпай эле, баарына макул болуп бериптир. Сагымбай таятам каза болгондон кийин, Мариям тайжеңем Кегетилик Жамангул деген кишиге турмушка чыгып кетиптир. Андан 1935-жылы Токтобүбү деген кыздуу болуптур. Ал кызды таятамдын наамына жаздырып, пенсиясын котортуп алыптыр. Таятамдын пенсиясы кыйла эле акча болуптур. Сайнап таенем өз таламын талаша албай ага деле макул деп унчукпайт. Мен эми ал кезде бала болгондон кийин таенем айтып бергендердин баарын толук жадыма сактап кала албадым. Бирок кийин билген укканымдын баарын иретке келтирип, жазып койдум. Буйруса, таятамдын 150 жылдык мааракесине карата “Сагымбайдын урпактары” деген китеп чыгарып жатам.

—Бул китепке эмнелерди жаздьщыз? Улуу манасчы тууралуу эл билбеген кандай окуялар камтылды?

—Китепти “Кыргыз китеп” коомдук уюму чыгарып беребиз дешкен. Бирок бир жыл 3 ай чыгарбай кармап жатып алышты. 150 жылдык мааракеси чукулдап калганда, өз аракетим менен чыгарууга белсенип кириштим. Буйруса, баары бүтүд калды, аз күндө китеп колума тийет. Китепке согушка кетип, дайынсыз болгон Сагымбай таятамдын бала Аманкул деген таякемдин 1938-жылы гезиттерге чыккан ырларын таап, толугу менен киргиздим. Манас да айтчу эле, ал боюнча да жаздым. Ошондой эле Бурулбү деген тайэжем бар эле. Анын эки кызы бар эле, экөө тең манас айтып жүрүп, жаш эле каза болуп калышкан. Алардын бирөөсүнөн Көчөрбай деген бала калган. Ал былтыр 76 жашында каза болду. Чымыны бар, ыр жазган адам эле. Анын да ырлары кирди. Мен байланыш боюнча билим алып, ал тармакта көп жыл иштедим. Таятам Сагымбайдын атасы Орозбак менен Орозой бир тууган экен. Орозойдун Исмаил деген баласы болгон. Исмаил дагы учурунда чыгаан адам болуп, орус тилинен котормочу болуп, чыгармачылык менен алектенип жүрүп, 1938-жылы репрессияда атылып кеткен экен. Ал тууралуу да жаздым. Көбүнчө таенемдин айтып бергендерин жазып, киргиздим. Мен да чыгармачылык менен алектенип келем. Мектепте окуп жүргөн кезимде эле ыр жазчумун. Өзүмдүн да чыгармачылыгымдан орун берилди. Буга чейин проза жанрында бир китептин автору болдум. Кийин манас айтпай, ыр жазбай эле, кара сөз жазып калдым.

—Демек, сиз да ыр жазып, манас айтчу экенсиз да…

—Мектепте окуп жүргөнүмдө аян алып, манасты өз вариантым менен аз-аздан айтчумун. Бир жолу мен кичирээк кезде таятамдын күмбөзүнө куран окутуп барып калдык. Бир туугандар куран окуп жатышса, мага куран эмес, манас айтылып жаткандай угулду. Мага бир элес көрүнүп: “Мен Нүзүпмүн, жаныма кел”- деп чакырып жатты. Жанымдан болсо Манастын 40 чоросу атчан дүпүрөп өтүштү. Ошондон кийин эле өзүмчө буулугуп, анда-санда манас айтып жүрдүм. 10-классты 1973-жылы бүттүм. 1992-жылдарга чейин манасты аз-аздан айтчумун. Өзүм айткан манасты, ырларымды жазып, чемоданга катып жүрчү элем. Аны да чыгармачылыкты түшүнбөгөн күйөөм өрттөп салды. Поэзияга да бир топ берилип, Омор Султановдун “Дүбүрт” деген адабий ийримине катышчумун. Үйгө кечирээк барып калсам, күйөөм таяктап жатып, ал ийримге да жибербей койду. Жанымда дайыма дептер, калем сап алып жүрчү элем. Күйөөм катуу урушуп, аларды да карматпай тыюу салды. Күйөөм үйдө жокто, буулуккан жаным, өзүмчө күпүлдөп манас айтып, эс алып калат элем. Мени туурап, эки уулум да манас айтышчу. Балдарым айта баштаганда, өзүм алаксып, жаным жай алып калчу. Бирок тагдырдын жазганы ушул экен, ошол эки балам тең буулугуп манас айтып жүрүшүп, экоо тең каза болуп калышты. Бирөөсүн 10-классты бүтүп жатканда, балдар сабап өлтүрүп коюшту. Бир балам манасчы Рысбай Исаков менен чогуу жүрчү. Ал манас айтып жатса, балдар абдан шылдыңдап койгон экен, ошондон кийин манас айтпайм деп калды. Бирок туталаны, ооруп жүрүп, 20 жашында каза таап калды. Байкуш балдарым Уркаш Мамбеталиев, Сейдракманов Назаркул агайлар менен көп эле жерге барып, манас айтып жүрүштү. Тилекке каршы, балдарым жаштайынан жайрап калышты. Менден кийинки сиңдимдин Максат деген баласы 4 жашында манасты катуу айтып, өзүн кармана албай, кыйкырып -өкүрүп ыйлап, бир нерселерди эле айтып, үстөлдүн алдына чейин кирип кетчү. Бирок аны ата-энеси мага айтпай туруп, менин балдарымдын манас айтып жүрүп каза бсшгонунан чочуштубу, айтор: “манас айткандын баары эле өлүп калышат” – деп мага айтпай туруп, Балыкчыга алып барышып, бир молдого кыргызчалатып, дем салдырып, 11 жашка чейин деп жолун буудуруп салышкан экен.11 жашында жолун ачтыралы деп, ал молдого барса, ал молдо каза болуп калыптыр. Башка молдолор ал батаны: “Манасты 25 жашка чыкканда айтат, анда айтпаса, 35 жашында айтат” -дешиптир. Азыр Максат 27 жашта. ИИМдин академиясын бүткөн. Манас айтпайт. 35ке чыкканда манас айтабы, айтпайбы, бир Кудай билет? Аласынын аты Кеңешбү, атасынын аты Болот. Болот деле бизге тууган болуп кетет. Камила деген эжебиздин баласы. Аны да таенем чоңойткон.

Окууну бүгкөндөн кийин, мамлекет бизди Ошко эки жьш иштегенге жиберди. Ал жакта иштеп жүргөндө мени ала качып кетип калды. “Таш түшкөн жеринде оор” – деп олтуруп калдым. Ошто эки жыл иштеп, андан кийин көп кыйынчылык менен Бишкекке кетип иштедим. Жолдошум менин чыгармачылыгымды такыр түшүнбөйт эле. Түшүнмөк турсун, ал тууралуу уккусу да келчү эмес. Ушундан улам 20 жыл жашап, 5 балалуу болгондон кийин ажырашып кеттик. –

Сизге манас айттырчу эмес беле?

—Ооба, бир ирет таятамдын 125 жылдыгында манас айтып койсом, мени олорчо таяктады. Мен шишип-көөп катуу эле жа-быркагам. Гезиттерге ырларым чыкса да тил угам, айтор такыр тынчтык бербей койду.

Негизи Сагымбай таятам: “Манасчылыгым жээндериме оойт” – деп көп айтчу экен. Бирок жээндерден кыздарга эмес, эркектерге көп оосо болмок. Кыз кишиге манас айтуу жагынан күйөөсү колдобосо, түртмөлөбөсө кыйын эле болуп калат экен. Анын баарын мен өз башымдан өткөрбөдүмбү.

—Өткөн жылы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгына деп өкмөттөн 6 млн. сом каралгандыгы кабарланды эле. Ушул маараке маселеси боюнча эмне айтасыз?

—Негизи таятамдын 150 жылдык мааракеси былтыр болмок да. Тилекке каршы, өкмөт жакшы көңүл бурбай жатып, ал жылы өтпөй калбадыбы. Мен былтыр мааракени өткөрүү боюнча 10 жерге кат жаздым. Баарынан але тыңгылыктуу жооп ала алган жокмун. Акыры ошол кездеги министр Түгөлбай Казаковго барсам, ал киши көп жолу кабыл албай койду. Бир күнү мекемеден чыгып келатканда жолунан тосуп, өзүмдү тааныштырып, маараке боюнча кеп айтсам, “маараке Таласта өтөт”- деди. Мен: “Таласта өтсө деле мейли, бирок сөөгү жаткан Кочкордо да белгиленсе болмок”- десем, ал киши мени жактырбай, колун Лениндей булгап: “Анда бар, өткөрүп ал” – деп машинасына түшүп кетүүгө бет алды. Мен ага жиним менен: “Сиз деле бул жерге түркүк болуп турбайсыз. Сиз да кызматтан кетесиз” – деп айтып калдым. Ошентип, маараке маселесине кайгырып жатсам, Кудайдан болуп, “Кочкор коому” мааракени өткөрүүгө өздөрүнчө акча чогултуп, ушул айдын аягында өткөргөнү жатышат. Өкмөт да бул маселени колдоп, мамлекеттик деңгээлде уюштуруу иштери колго алынып, азыр кызуу даярдык жүрүп жатат.

Булак: “Багыт”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: