Menu

БУУда Сооронбай Шарипович биринчи күнүндө сөз сүйлөсө маанилүү болот

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков алдыңкы күндөрү Нью-Йоркко аттанаары сөз болууда. Өлкө башчыбыздын бул сапары кандай ийгиликтер менен коштолушу мүмкүн? Же буга чейинки расмий иш-сапарлардын көпчүлүгү сымал «келди-кетти» иш-чаралардын бири болобу? Төмөндөгү эки инсанга бул тууралуу суроо бердик.

Руслан Казакбаев, «РАЖ» фракциясынан ЖК депутаты:

– БУУнун башкы ассамблеясынын ачылышына Сооронбай Шариповичтин баратканы жакшы көрүнүш, арылатканда жакшы ийгилик болот. Сооронбай Шарипович президенттик тактыга отургандан баштап өлкөбүздүн тышкы саясат жагынан көбүнчө эки тараптуу мамилелерге олуттуу көңүл бурууда. Коңшу мамлекет башчылары менен жолугушуп, жыйынтыгы жакшы ийгиликтер менен коштолууда. Мурунку коюлган келишимдердин иштеп кетиши жөнүндө да пикир алышуулар болууда. Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча башчысы, ТИМ жетекчилиги менен БУУдагы биздин элчилик аябагандай тыгыз иштеп, Нью-Йоркто эки тараптуу жолугушууларды көп өткөрүшү абзел. Башкы ассамблеянын ачылышына баардык чоң-кичине мамлекеттерден өлкө башчылары катышат. Ал жерден Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кимдер менен жолугушту алдын ала даярдап, суроолордун баарысын так-так коюш керек. Анткени, ал жер аябагандай эркин аянтча болот. Барган баардык делегациялардын башчыларына сөз сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк берилет. Учурдагы жана биздин мындан аркы позицияларыбызды ошол жерден даана билдирип коюшса жакшы жышаан болмок. БУУ дүйнөдөгү көп тараптуу, универсалдык эл аралык уюмдардын эң чоңу. Бул уюмдун астында көптөгөн комиссиялар бар. Ошол комиссиялардын өкүлдөрү менен жолугушса жакшы болмок. Бул сапарды өзгөчө толук жемиштүү колдонгонго баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Ал жерде иш-чара үч күн болот. Тышкы иштер минисгри БУУнун башкы ассамблеясында Сооронбай Шариповичтин сөз сүйлөөсүн биринчи күнүндө эле койгонго аракет кылыш керек. Анткени, бул жыйындын экинчи, үчүнчү күндөрү көп мамлекеттин өлкө башчылары кетип калышат.

Эмил Узакбаев, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси:

– Бул иш-чара өлкөбүз үчүн аябай маанилүү маселелерден. Сооронбай Шарипович хан тактыга шайланганы өлкөбүздүн тышкы саясат жаатында бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатат. Ошонун фонунда президенттин АКШга болгон сапары аябагандай маанилүү көрүнүш. Өткөн бийликтин тушунда АКШ менен өлкөбүздүн мамилелери авиабазанын чыгышы менен солгундап кеткен. Мындай көрүнүштөн соң президентибиздин океандын ары жагына болгон сапары абдан олуттуу сапарлардан деп эсептейм. Бирок, иш сапардын протоколдук жүрүшү азырынча коомчулукка анчейин белгилүү эмес. Өлкө башчыбыз Нью-Йоркко барып, кимдер менен чурашып, сүйлөшүүлөрдү кандай, кайсы темада жүргүзөрү бизге белгисиз болууда. ТИМ, президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмү, тиешелүү элчиликтер бул иш-чараны абдан кылдат жүргүзүүлөрү керек. Муну айтканым, соңку убакта АКШнын Россия, Түркия мамлекеттери менен солгундаган мамилелерин эске алып, биздин өлкө жетекчилеринин океандын ары жагына болгон иш сапарлары абдан кылдаттыкты талап кылат. Себеби, негизги стратегиялык өнөктөшүбүз Россия, ошондой эле Түркия менен да мамилебиз жаңы тепкичтерге көтөрүлүүдө. Жыл башында казак өлкө башчысы Нурсултан Назарбаевдин АКШга болгон сапарынан соң, Казакстан менен Россиянын ортосундагы алака кандайдыр бир деңгээлде солгундап кеткени тышкы саясатты талдоого алган эксперттердин пикиринде айтылып жүрөт. Калганын иш сапар жыйынтыкталган соң талдоого алсак жарашат го.

Калыгул Бейшекеев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: