Menu

Алмамбет Шыкмаматов, депутат: Коргоо министрлигинин ордуна Башкы штабды түзүү Атамбаевдин катачылыгы болгон

Бөлүшүү:

– Алмамбет Насырканович, сиз комитеттин жыйынында коргоо министрлигинин башкы штабга айландырылганы чоң катачылык болгонун айттыңыз. Эмне үчүн катачылык деп эсептейсиз?

– Коргоо министрлигинин статусу түшүп кеткен. Аны бир адамдын кызыкчылыгы үчүн эле башкы штаб кылып койгон. Азыр ошонун азабын тартып атабыз. Биздин коргоо министрин башка өлкөлөрдөгү кесиптештери теңсинбейт. Анткени, статусу төмөн. Ал эми башкы штаб өзгөчө гана кырдаалдарда: согуш маалында, кандайдыр башка кырдаалдарда күч органдарын бириктирип, координация кыла турган, убактылуу эле орган. Ошондуктан, башкы штабдын түзүлгөнү катачылык, туура эмес жүргүзүлгөн саясый эксперимент болгон. Мамлекеттин эң маанилүү тармактарынын бири – бул энергетика. Аны холдинг, мындайча айтканда, жеке фирма сыяктуу кылып койгон. Бул дагы катчылык. Ошондуктан, мындай эксперименттерди токтотолу, жети өлчөп, бир кесип, саясый туура чечимдерди кабыл алып жүрүүнү айттым.

– Холдинг кылуудагы максат эмне?

– Холдинг кылганда жоопкерчилик азыраак болот, кадрларды өзү каалагандай коёт. Өкмөттүн алдында дагы, парламенттин алдында дагы жоопкерчиликтен качып кетет. Анткени, аларды башкаруучу орган – бул акционерлер. Ошолорго шилтеп коёт. Алар маммүлктү башкаруу фондусу койгон адамдар. Айтор, жоопкерчиликтен качуу үчүн татаал схема кылып койгон. Бул туура эмес да. Чыккынчылыкка тете.

– Башкы штаб бир адамдын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн дедиңиз. Кимдин?

– Конституция боюнча Атамбаев өкмөткө тиешеси жок болчу. Күч органдарынан коргоо министрлиги менен эле УКМКнын жетекчисин дайындай алат. Бирок, ал башкы штабды түзүү менен ӨКМ, чек ара кызматы, айтор, бүт аскер түзүмдөрүн өзүнө каратып алууну, бийлигин кеңейтүүнү ойлогон. Анткени, башкы штабга баары кирет да.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 6 = 11

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: