Фискалдаштыруунун экинчи этабын ишке ашыруу алкагында КРнын Өкмөтү салык кызматын салык төлөөчүлөр менен өз-ара аракеттешүүнүн сервистик моделине кайрадан форматташтырууну пландаштырууда. Бул тууралуу КРнын премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков «КРнын 2020-жылга карата республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоору жана «КРнын 2021-жылга карата республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө» Мыйзам долбоору каралып жаткан КРнын Жогорку Кеңешинин жыйынында билдиргенин бүгүн, 25-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, салыктарды башкарууну жөнөкөйлөштүрүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында ар-кыл автоматташтырылган аналитикалык тутумдарды киргизүү жана салык кызматынын жаңы маалыматтык тутумун түзүү пландаштырылууда.
«Салык кызматынын, Социалдык фонддун жана Улуттук статистикалык комитеттин отчетторун бириктирүү боюнча иштер жыйынтыкталат. Бирдиктүү электрондук отчет системасы болот», – деп кошумчалады Артем Новиков.
Андан соң товарларды импорттоонун жана экспорттоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн алкагында товарларды электрондук түрдө декларациялоо каралууда. Ал баалардын индикаторлорунун манипуляциясын алдын алууну жана бажынын бирдиктүү маалыматтык системасына интеграцияланышын шарттайт.
«Кыргыз Республикасына Евразиялык экономикалык бирлик өлкөлөрүнөн товарларды мыйзамсыз киргизүүгө бөгөт коюу максатында «Жыйынтык пост» автоматташтырылган маалыматтык тутуму ишке киргизилет», – деп кошумчалады премьер-министрдин м.а.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ