Menu

КСДПнын “торпедаларынын” бири Адилет Калыгулов төрагасы Атамбаевге арыз жазып, партиядан чыкканын билдирди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 20-сентябрда КСДПнын “арыгын чааап”, “акырынан жем жеген” “торпедаларынын” бири, атамбаевчил “Эгемен” сайтынын редактору Адилет Калыгулов партиянын төрагасы Алмаз Атамбаевдин атына арыз жазып, КСДПнын катарынан чыккандыгын билдирди. Ал муну партиянын катарындагы мамказынага кол салгандар менен бир катарда боло албастыгы менен түшүндүргөн:

“Мен «КСДП» партиясынын мүчөсү катары көптөгөн иш чараларга катышып, дараметимдин жетишинче партиялык иштерди аркалап келдим. Идея жана команда деп жанымды сабап, өмүрүмдү тобокелге салып иштедим.

Кээ бири партияга мүчө болуу менен биринчи орунга жеке маселесин коюп, кайсыл бир учурда партиядан пайда көрүү максатын коёт экен. А мен тескерисинче тапкан каражатымдын кайсыл бир бөлүгүн ошол партиянын ишмердүүлүгүнө жумшап келдим.

Өлкөбүздө болуп жаткан акыркы окуяларды карап кээде таң калып да келем. Кайсыл бирибиз «жылаңач төштү» тосуп мамлекет, эл деп кызмат кылып келген болсок, аркабызда кээ бирлери мамказнага кол салып, тоношкон экен. Териштирүүлөр аягына чыгып, келтирилген чыгымдар толукталып, күнөөлүлөр жазасын алышаар, ак болсо акталышаар.

Кечээ, бүгүн, эртеңки күндү баамдап жана башка жагдайларды эске алуу менен мен партия мүчөлүгүнөн чыгуу чечимин кабыл алдым. Мындан ары ишмердүүлүгүмдү өз алдынча алып барам.

Партия ичинде көптөгөн таза, мыкты адамдар бар. Алар менен таанышканыма кубанычтамын. Жолубуз башка болгону менен адам катары жакшы санаалаштар болуп кала беребиз деп ишенем!”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: