Menu

Базарбай Мамбетов, экс-вице-премьер-министр: Алтын кендерибиздин баарына шылуун компаниялар ээлик кылат

Бөлүшүү:

– Базарбай агай, Кыргызстанда алтын кендери көп. Бирок, бири да өлкөгө жакшы шартта иштеп, пайда алып келбей жатат. Алтын запасы жакшы делген Жерүй кени бир топ жылдан бери иштебейт. «Ал жерден бир топ алтын чыгарышып кеткен» деген маалыматтар бар. Көп жыл бою өкмөттө иштеген адам катары эмне айта аласыз?

-Жерүй кени боюнча күнөөлүүлөр көп. Эң негизгиси, ал кенди 27 жылдан бери иштете албай, бүткүл дүйнөгө маскара болуп келебиз. «Жерүйдү иштетебиз» деп эгемендик алган алгачкы жылдан бери карай 15 чет элдик компания келди. Бул деген сөз «биздин аталган алтын кенибиз 15 компаниянын колунан өттү» дегендик. Анын 8ине өкмөт чечим чыгарып, иштетүүгө лицензия берген. Тилекке каршы, баары тең шылуун компаниялар болуп, кендин запасын сатып кетишти. 2015-жылы 4-майда тендер жарыяланып, уткан Муса Бажаевдин компаниясы Жерүйдө жаткан 84 тонна, азыркы баадагы 3,2 миллиард доллар алтынды бизге калтырбай, баарын чыгарып кеткен. Бул жерде атайын тапшырма аткарылганы көрүнүп турат. Болбосо, тендерге 3-4 компания катышкан. Алардын шарттары жакшы болгон. «Алтындын 40%ын Кыргызстанга беребиз» деген шарттары болгон айрымдарынын. Бирок, биздикилер ага карашкан эмес.

– Кыргызстанда жалпысынан канча алтын кени бар?

-Кыргызстанда 27 алтын кендери бар. Жерүйдү эле змее, кендерибиздин көбүн шылуун компанияларга кармата бердик. Алардан жыргаткан пайда алган жокпуз. Анткени, бири дагы тажрыйбалуу, таза иштеген компаниялар эмес, бардыгы шылуундар. Коррупция мамлекеттик масштабда болуп жатканда алтын кен тургай, эч бир табигый байлыктарыбыздан пайда таппайбыз. Пайданы бийлик башындагылар жец ичинен келишим түзүп алып, көрүшөт.

Жакында жацы бийликке: президент Сооронбай Жээнбековго жана өкмөт башчы Мухамметкалый Абылгазиевге «Кумтөрдү, Жерүйдү чечкиле» деп кат жаздым. Алардын тагдырын чечмейинче, өлкө экономикасы эч качан оңолбойт.

– Азыркы өкмөттүн ишине кандай баа бересиз?

– Мен өзүм өкмөттө көп жыл иштедим. 11 жыл вице-премьерликти аркаладым. Эгемендиктен бери 31 премьер иштептир. Бирок, бири дагы өз ишин так аткара алган жок. Кобу 6-9 ай, бир жыл иштеп эле кетип жатышты. Иштерман өкмөт болсо, андай болмок эмес. Абьшгазиевди мен жакшы билбейм. Азырынча иши менен эл оозуна алына элек. Анча-мынча кадрдык өзгөрүүлөргө күбө болуп жатабыз. «Жакшы кулук кийин чабат» болуп, балким өкмөттүн жакын арада күчтүү реформасы кутулуп жаткандыр. Мен Абылгазиевге ийгилик каалайм.

Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: