Menu

Индия талак айтып ажырашууну кылмышка теңеди

Бөлүшүү:

Индиянын өкмөтү мусулман эркектердин үч жолу талак айтып, ажырашуусун кылмышка теңеди. Шаршембиде жарыяланган жарлыкка ылайык, аялына талак берген эркектер эми үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Жарлыктын мыйзамдуу күчүнө кириши үчүн эми ага президент кол коюшу керек.

Буга чейин талак айтып ажырашууга тыюу салуу тууралуу мыйзам долбоорун парламент аркылуу өткөрүү боюнча индия өкмөтүнүн аракети ишке ашпай калган. Былтыр декабрда мыйзам долбоорун парламенттин төмөнкү палатасы жактырып, бирок жогорку палатадан колдоо таба алган эмес.

Бир жыл мурда өлкөнүн Жогорку соту үч жолу талак айтып ажырашууну аялдардын конституциялык укугун бузуу деп тапкан токтом чыгарган.

 Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: