Өз ишин мыкты билген адамдар арбын. Аныгында айрым бир башка адамдардын түздөн түз милдети болгон иш-чараларды эч кимге атаандашпай туруп эле өткөрүп койгон адамдар бар. Алсак, бүгун, эртең тактап айтканда 21-22-сентябрь күндөрү Нарын шаарынын 150 жылдык маарекеси салтанаттуу белгиленүүдө. Ырасында даталуу күндөрдү белгилеп туруу деле туура болот. Тынчтык жана бейпилдик өкүм сүргөн өлкөдө майрам эле болуп турганы жакшы эмеспи. Ал эми 150 жылдык тарыхты башынан кечирип келген Нарын шаарында жылдан жылга өзгөруу бар. Арийне, Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов мыкты жетекчи экендиги талашсыз. 150 жылдык мааракени да жогорку денгээлде уюштурду. Адамдын кандай экени жасаган ишинен билинет эмеспи. Анын сыңары Алымкулов эгер бир гана шаардын мэри эмес, бутүн Теңир-Тоо аймагына башчы болсо аталган аймакта мыкты иштер жасалып, элеттеги экономика бир топ өрүш да алат эле.
Булак: “De-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ