Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Замандаш» саясий партиясынын төрагасы Жеңиш Молдокматовдун парламентгик комитеттин жыйынына катышканына нааразы болуп, какшык аралашкан ызасын билдирди. Жеңиш мырзаны көргөндө итиркейи келеби же ичи тардык кылып жатабы, айтор: «Урматтуу комитеттин мүчөлөрү, бул окуя мага абдан жакты. Эгерде «Замандаш» партиясынын лидери келип сунуш кылса, демек башка партиялардын лидерлери да келип өкмөткө суроолорун бериши керек. Жакшы көрүнүш. Келгиле, кийинки жолу Адахан Мадумаровду чакыралы. Кыргызстанга келип калса, Мелис Мырзакматовду чакыралы», – деп шылдың аралашкан какшык айтты. Жанар мырзанын пикиринен кийин Жеңиш мырза да алакан жайып отуруп калбастан: «Кимди чакырышты, кимди ал чечпейт. Жанар Акаев дайыма эле ар жерде кыйкырып жүрө берет” деп популист кокуй да дегенди кыйытты.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ