Бишкек шаардык кеңешинде жаңы коалиция түзүлдү. Ага КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” кирди. Ал эми “Кыргызстан” азчылыкта калды. Буга чейин 19-сентябрда КСДП, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалициянын курамынан чыгуу тууралуу чечим кабыл алгандан кийин ал тараган. Көпчүлүк коалициянын башчысы болуп Жумабек Салымбеков дайындалды. Жаңы коалиция борбор калаада мэр алмашып, шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басарлыгына кеткенден бери бош турган орунга КСДП фракциясынын 29 жаштагы өкүлү Жаныбек Абировду төрага кылып шайлашты. Добуш берүүгө катышкан 41 депутаттын 40ы шайлоого көрсөтүлгөн жалгыз талапкерди колдошту. Абиров Кыргыз-орус (Славян) университетин жана Башкаруу академиясын юриспруденция жана менеджмент багыттары боюнча аяктаган. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы. Ал арада социалдык тармактарда Абиров ТЭЦке ташылган ууланган көмүр боюнча чуулгандуу ишке түздөн-түз тиешеси бар экенин жазып чыгышты. “Кайда барба Мамайдын көрү” деген накыл эске түшөт…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ