Menu

УКМК, ИИМ, УКТ кимге ишенебиз?

Бөлүшүү:

Бишкек ШИИББне караштуу, Ленин райондук милициясынын үч кызматкерине карата 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 305-1 («Кыйноо»), 324 («Мыйзамсыз кармоо же камакка алуу») беренелери менен кылмыш иши козголду. Бул кылмыш иши Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматындагы адамдар менен милицияда иштегендердин өз ара талашынын негизинде ачылганы кеп болууда. Арызды жабырлануучу катары уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар делген жаран жазганы айтылууда. Бул чагым жыттанган ак-карасы ажыратылбаган чырлуу иштин артында, жабырлануучуну милицияларга каршы УКМКнын Жумабеков Салмоорбек Сабырбекович деген кызматкери тукуруп жатканы тууралуу айтылып жатат. Бул Салмоорбек аттуу жигит атактуу врач Сабырбек Жумабековдун баласы, спикер Дастан Жумабековдун тууганы болот. УКМК бул боюнча үн катпаса болбойт.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: