Menu

Башка тилди кандай жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм

Бөлүшүү:

23 сентябрь өлкөбүздүн ар тармагында эне тил күнүн белгилеп, салтанаттуу майрамдап алдык. Бул күн билген адамга өтө чоң майрам. Айрыкча кыргыз тилинин келечеги үчүн күйгөн, жаш муундарды тарбиялаган мугалимдер үчүн өзгөчө орунда турган майрамдардын бири. “Башка тилди кандай жакшы көрсөм да, өз тилимди сүйгөнүмдөн жаңылбайм” деп улуу акыныбыз Алыкул Осмонов айткандай, заман өнүгүп, жаштарыбыз түрдүү тилдерди үйрөнүп жатса да, өз тилин сүйгөнүнөн жаңылбаса деген аруу тилек менен “эне тили мугалими” деген атты алып жүрүүчү агартуучулар менен маек курдук.

Жусупова Анара, мугалим: “Тил маселесине келгенде ар бир кыргыз жараны патриот болушу керек деп ойлойм”

– Майрамыңыздар менен! Кыргыз тилибизди майрамдоо күнү, тилибиз үчүн күйгөн сиздердей инсандар үчүн өзгөчө орду бар, көптөн күткөн майрам болсо керек?

– Куттуктооңузга рахмат, сизди жана сиздердин жамаатгы өлкөбүздүн байлыгы, сыймыгы болгон эне тилибизди белгилөө күнү менен куттуктайм. Албетте башка кесиптин өкүлдөрүнө караганда тилчилер үчүн бул күн өзгөчө даярдык менен өтөт. Ошондуктан биз Ч.Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясы 23-сентябрь жекшемби күнгө туш келип калгандыгына байланыштуу 21-сентябрь күнү музыканы жаңыртып, мектепке келген ар бир окуучу, мугалимдерди куттуктап, окуучуларым улуттук кийимдерди кийип алып шаңдуу маанайда, боорсок ооз тийгизип тосуп алып жатышты. Башка улуттун мугалимдери аз да болсо эне тилибизге көңүлүн буруп, кызыгуулары артылсын деген маанайда аларга кичинекей баракчаларга мактоо, жакшы сөз жазып таратышты. Бул кандай которулат деп ар бири кызыгып сурап, балдар которуп берип жатышты. Мына ушундай даярдык менен эне тил күнүн белгиледик.

– Эне тилибиз кордолуп же тебеленген учурларда (чала сүйлөгөндөр, шылдыңдагандар) дароо туура сүйлөөгө үндөп, эне тилин урматтоо керек экенин түшүндүрөсүздөрбү?

– Албетте эне тилибиздин кадырына шек келтирген учурлар болсо талашып-тартышпай коё албайсың. Негизи эле тилдин баркы ар бир кыргыз жараны үчүн жогору болсо дээр элем. Тил маселесине келгенде ар бир кыргыз жараны патриот болушу керек деп ойлойм кээде эне тилин жакшы билбеген замандаштарыбыздан эгер сен жакшы билбесең, сенин балаң кандай болот деп кейип сурап калган да учурларым болот. Өлкөбүз бизге кандай сонун шартты түзүп жатат. Башкасын айтпаганда да суубуздун тазасы, жаратылышыбыздын кооздугучу?! Мекенибиздин бизге кылган жакшылыгына биз жооп катары улутубуздун тилин билип, баалап-баркташыбыз керек. Мына ушундай сөздөрдү балдарга ар дайым айтып туруу мугалимдердин негизги милдети.

Абдыракманова Салтанат, мугалим: “Кыргыз тилин бузуп сүйлөп, ага кош көңүл, чалагайым мамиле кылгандар менин жанымды ачыштырат”

– Майрамыңыздар менен! Кыргыз тилибизди майрамдоо күнү, тилибиз үчүн күйгөн сиздердей инсандар үчүн өзгөчө орду бар, көптөн күткөн майрам болсо керек?

– Рахмат, бул баарыбызга чоң майрам болушу керек го дейм. Эне тили үчүн кам көрүп, анын өнүгүүсүнө байкалбаган салымыбызды кошуп келе жаткан элет мугалимдерине көңүл буруп, үнүбүздү угуп жаткан гезитиңердин жамаатына, жетекчилигине ыраазылык билдирип кетем. Негизи бул майрамды күтүп, бири-бирибизди куттукташып, майрамдап, балдар арасында ар кандай иш-чараларды өткөрүп келе жаткан биз гана – мугалимдер коомчулугу, анын ичинде тилчи мугалимдер болобуз го дейм. Кыргыз тили расмий макамга ээ болгонуна 30 жылга чукул мезгил толсо да, кыргыз журтчулуту бул күндү түп көтөрө, шаңдуу белгилеп, маңдай жарылып кубанып куттукташып, күтүп, самап, бала-чакабызга маанисин түшүндүрүп, жабыла тосуп ала албай келебиз го?!

-Кайсы мектепте кызмат кыласыз?

– Мен Абдыракманова Салтанат Абдиназаровна Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Кербен шаарындагы белгилүү жазуучу жана педагогубуз Жунай Мавляновдун ысымын алып жургөн №14 лицей-интернатынын кыргыз тили жана адабияты мугалимимин. Борбордогу И.Арабаев атындагы педагогикалык университетинин филология факультетин 1995-жылы артыкчылык диплому менен аяктап келгенден бери ушул мектепте эмгектенип келе жатам. Негизи бизди орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз тили менен адабиятын окутуучу адис кылып даярдап чыгарышкан. 90-жылдарда мындай адистик жаңы гана пайда болгон эле.

– Эне тилибиз кордолуп же тебеленген учурларда (чала сүйлөгөндөр, шылдыңдагандар) дароо туура сүйлөөгө үндөп, эне тилин урматтоого керек экенин түшүндүрөсүздөрбү?

Албетте, бул менин ыйык парзым деп эсептейм. Эне тилибизге биз күйбөсөк, анда кандай болот? Мейли сабакта, мейли көчөдө, мейли үйдө, мейли конокто кыргыз тилин бузуп сүйлөп, ага кош көңүл чалагайым мамиле кылгандар менин жанымды ачыштырах.

Апилова Назира, мугалим: “Бала кайсы тилди жакшыраак үйрөнсө, ошол элдин дилине жакындап кетээри бештен белгилүү” 

– Саламатсыздарбы? Жалпы элимди эне тил күнүн белгилөө майрамы менен куттуктайм. Өзүм Ош областына караштуу Өзгөн районундагы Т.Асранов атындагы №6 орто мектебинде 23 жылдан бери кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп эмгектенип келе жатам. Окуу жылы жаңыдан башталгандан тартып эле биздин майрамга даярдык кызуу жүрө баштайт. Колубуздун келишинче Манас атабыз, улуу жазуучубуз Ч. Айтматов, тоо булбулу Токтогул, Жеңижоктор сүйлөгөн көөнөрбөс кыргыз тилин даңктоого, анын баалуулугун окуучуларга жеткирүүгө, кыргыз деген улуу калктын урпагы экенибизди даңазалоого болгон аракетибизди жумшап келебиз.

– Эне тилибиз кордолуп же тебеленген учурларда (чала сүйлөгөндөр, шылдыңдагандар) дароо туура сүйлөөгө үндөп, эне тилин урматтоо керек женин түшүндүрөсүздөрбү?

– Мугалимдер үйрөткөндү жактырган калк болобуз. Туура эмес сүйлөнүп жаткан учурда сөзсүз түрдө туура сүйлөөнү түшүндүрөбүз. Бирок мыйзамдагы көрнөк-жарнактар биринчи мамлекеттик тилде жазылуусун талап кылган берене сакталбай келгенине кейиген учурлар көп эле болот. Мисалы кээ бир дүкөндөрдүн аты англисче же расмий тилде жазылганын көп эле кездештирем. Аны дароо оңдоп коюу биздин колдон келбеген иш. 29 жыл өтүп жатат, эмдигиче жолго коюлушу керек эле, дагы эмнени күтүп жатканыбызды түшүнбөй келем. Бирок 90-жылдардагыларга караганда алдыга жылуу бар.

– Жаш ата-энелерге балдарды эне тилдүү мектепке киргизүүнү сунуштайсыздарбы? Себеби?

– Жаш ата-энелерге албетте эне тилдүү мектептерге балдарын берүүсүн сөзсүз түрдө сунуштайм. Анткени бала жашынан кыргыз элиндеги баалуулуктарды сезип чоңоюусу абзел. Качан гана адам өзү ошол баалуулуктарды өзүнө сиңирип алганда гана өзүнөн кийинки муундарга ошол тарбияны бере алат эмеспи. Бала кайсы тилди жакшыраак үйрөнсө, ошол элдин дилине жакындап кетээри бештен белгилүү боллп турат. Ошондон улам З.Ажыматевдун ырлары эске келет:

“Ушул күнү негедир кайыкты дил,

Урпактар эй, биздеги айыпты бил.

Кыргызмын деп мен азыр турган менен.

Кыргыздарга окшобойм байыркы бир.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: