Menu

“Атамбаевсиз КСДП” Кочкордо да жаңырды

Бөлүшүү:

Кечээ 24 сентябрда Кочкор айылында райондун 11 айыл өкмөтүнүн 34 айылынын 32 айылынан келген социал-демократтардын “Атамбаевсиз КСДП” урааны астындагы жыйыны болуп өттү. Делегаттар Сагынбек Абдырахмановдун партияны коррупционерлерден тазалоо идеясын кызуу колдоого алышып, уюштуруучулар кийинки жыйынга, Жумгал районуна карай жол тартышты.

Ошол эле учурда Бишкектеги Алмазбек Атамбаевге тийиштүү “Форум” имаратында КСДПнын 25 жылдык мааракеси белгиленип жатканы тууралуу маалыматтар таркап, партиянын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева Сагынбек Абдырахмановдун партиядан чыгарылгандыгын, ал уюштурган жыйындардын легитимсиз экендигин жар салууда.

Ошентип, кечээки бийлик башында Кыргызстанды оюна келгендей мыкчып турган Атамбаев партиялаштарына ээ боло албай, баш аягын жыя албай калды. Алмазбек Атамбаевдин бийлик башында тургандагы былыктары ачыкталып, анын Кыргызстанды белчесинен карыздын сазына тыкканы белгилүү болгондуктан партиялаштары турмак карапайым калк да жүзүн буруп, жоопкерчиликке тартууну талап кылышууда. Андыктан, жер-жерлердеги КСДПчылардын партия лидеринен түңүлүп, андан кутулуу аракеттерин көрүп жатышын жалгыз эле Сагынбек Абдырахмановдун каалоосу, мыкты уюштургучтугу, кыйындыгы катары кароого болбойт. Бул жалпы элдин көксөөсү экени ырас. “Форумдун” лөктөрү болсо эч нерсе боолбогондой түр көрсөтүп, пресс-катчынын оозу менен ал партиядан чыгарылган легитимсиз” демиш болуп, самандай сапырылган акчага карк болуп жатат. Кепшеп. Же эмне (Сагынбек Абдырахманов партиядан мыйзамдуу чыгарылган күндө да), жер жердеги КСДПчылардын жапатырмак партия лидерине каршы чыгып жатышы ойлонто турган жагдай эмеспи?

Айтор, азыр партиялаштары турмак, өң-тааныш, жакшы санаалаштары да Атамбаевден четтеп кетип соцтармактарда гана күрөшүүгө жараган Темирлан Султанбеков, Нургүл Кожомбердиева, Рита Борбукеевага окшогон 4-5 меркантилдүү кызыкчылыкты көздөгөн “фанатиктерден” башка киши калбаганын көрүүгө болот. А булар, ошого карабастан, жей берели, өзүнүкүн чачып атты беле, уурдалган акчаны аяп эмне?” дешкенсип, чалчаңдап чайнап, 25 жашты тойлоп жатышат. Аш болоор бекен?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 37 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: