Menu

Эмилбек Каптагаев: Атамбаев акчасы бар үчүн эле президент болуп калган

Бөлүшүү:

Временшиктердин, анан Кедейканша айым Роза Отунбаеванын аппараттарынын жетекчиси Эмилбек Каптагаев журналист Бермет Букашевага берген маегинде өзүнүн, өнөктөштөрүнүн жана Алмаз Атамбаевдин кантип бийликке келип калгандыгы жөнүндө бир топ маалыматтарды келтириптир. Анда жаңы дегидей эч нерсе деле жок, а түгүл мадыра баш балдарга чейин белгилүү айрым фактыларды чыйгап өтүп, кыйыр түрдө Убактылуу Экмөттүн, андан кийин бийликке селген анын мүчөлөрүнүн толук коопкерсиздиктерин, алсыздыктарын 1шкерелеп кетиптир.

Ал Рушайло менен жолукканда анын бир р чагымчыл сөздөрдү сүйлөгөндүгүн, алаңдуу убактарда чет өлкөнүн снай-ери кармалгандыгын, алардын сурактары боюнча видео жазуулар да болгондугун, Түштүктөгү коогалаң мезгилинде ал жакта ФСБнын 4 генералы баштаган офицерлери жүргөндүгүн айтат. Эмилбек Каптагаев: “20-марттан тартып Орусиянын ММКлары Бакиевдердин коррупциясы, Гуревич жана башкалар тууралуу материалдарды көп жарыялай баштады,”- дейт. Анысын билбейбиз, бирок, Орусиянын ошол убактагы Кыргызстандагы элчиси Власовдун 2009-жылдын аягынан тартып эле барган жерлеринин баарында “эта власть никуда не годится…” деп ызырынып жүргөндүгү, а түгүл ушул темада элчиликтин имаратында журналисттерге маалымат жыйынын өткөргөндүгү, ал эми 7-8-апрелдерде АШАны Орусиянын атайын кызматынын өкүлдөрү коргоп жүрүшкөндүгү жөнүндө эмне үчүн айткан эмес? Эгерде коогалаңдарда элди атып жаткан бир чет өлкөнүн снайперлери кармалса (ал тууралуу А.Бекназаров да айткан) эмне үчүн алар мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылбастан тымызындан чыгарылып жиберилип, алардын ордуларына ошол убакта күч түзүмдөрүн жетектегендер камалышкан? Алардын алды түрмөдө жатып майып болду, алардын убалы кимге? Ал үчүн временшиктерди жетектеген Роза Отунбаева, анын шакирттери керт баштары менен жооп берүүлөрү керек го. Эгерде 2010-жылдын июнунда чын эле ФСБнын генералдары, офицерлери Түштүктө жүрүшсө, эмне үчүн Роза Отунбаева баш, Алмазбек Атамбаев теш болгон бийликтегилер алардын эмне кылып жатышкандарын сурашкан, көзөмөлдөш эмес? Ал убакта Эмилбек Каптагаев өзү да күч түзүмдөгүлөрүн көзөмөлдөй турган чоң бийликте болгонун белгилей кетели.

Эмилбек Каптагаев Алмазбек Атамбаевдин адегенде убактылуу өкмөттүн жетекчисинин биринчи орун басары болуп шайланып, анан коогалаңдарда өзүн эң жаман жагынан көрсөткөндүгүнө карабастан президенттикке шайлануусунда временшиктердин, алардын ичинде өзүнүн аябагандай чоң күнөөсү бардыгын моюндап, элден кечирим сурагысы келбейт. Азимбек Бекназаров “Атамбаев акчасы бардыгы, революцияны каржылагандыгы үчүн эле президенттикке сунушталган” деп бардык жерлерде эле айтып жүрөт. Анын ким экендигин билип туруп, акчасы болгону үчүн эле аны Кыргызстандын, кыргыз элинин мойнуна илип коюшкандары – временшиктерде элдин, мамлекеттин алдында таптакыр жоопкерчилик сезимдери болбогондугун гана көрсөтөт!

Эмилбек Каптагаев мырза башкаларга акыл үйрөткөндү коюп, 2010-жылдан берки терс окуяларда өзүнүн да күнөөсү чоң экендигин эстей жүрсө жакшы болмок. Баары бир алардын баарын орду ордуна коюп, ар кимдин жекече жоопкерчилигин, күнөөсүн аныктай турган күн да келет. Буга акылдуусунган Эмилбек мырза эмне деп жооп берет, ыя?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 − = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: