Бүгүн, 28-декабрда Бишкек шаардык соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши боюнча Биринчи май райондук сотунун Матраимовду кайра мурунку кызматына дайындоо тууралу чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-июлунда Биринчи май райондук соту Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра дайындоого КР Өкмөтүн милдеттендирген чечим чыгарган.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында, ал “мени негизсиз жумуштан алды” деп аны кызматтан алган КР өкмөтүн сотко берген.
Соттук эки инстанциянын – райондук жана шаардык соттун чечимдеринен кийин Раим Матраимовду мурунку кызматына кайра дайындоо боюнча соттук өкүм токтоосуз күчүнө кирет. Эми соттон утулуп калган КР Өкмөтү кандай амал табат экен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ