Menu

Парламентте Токон Мамытов депутат Бахадыр Сулеймановду кош жарандуулукка айыптады

Бөлүшүү:

Парламентте акыйкатчылыкка талапкерлерди тандоо учурунда талапкер Токтон Мамытов менен “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдун ортосунда кайым айтышуу орун алды.

Эл өкүлү суроо берип жатып, Мамытов журналисттерге Сулейманов чет элдик тыңчы жана башка өлкөнүн жараны деп айтканын билдирди. “Эгер сизде ушундай факт болсо, эмне үчүн документтерди көрсөтпөйсүз?”- деди депутат.

“Сизди агент деп мен айткан эмесмин, бул теманы сиз көтөрүп жатасыз. Сиздин башка өлкө жараны экениңиз тууралуу материалдар болсо менде бар. Алар эки ай мурун БШКга берилген. Бир нече күн мурун бул документтердин баары –кайсылар экенин сиз билесиз, Казакстан ИИМинин, Жарандык иштер боюнча комиссия катчылыгынын жообу – бул материалдардын баары чогултулуп, Башкы прокуратурага жана ИИМге берилди”, – деп жооп берди Мамытов.

Депутат СССР жараны болгонун, союз ыдырагандан кийин Кыргызстанда жашап, жарандык алганын белгиледи.

Буга чейин атекезчилик айыбы менен Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулунун дагы кош жарандуу экенин белгилүү болгон. Казак паспорту бар экени аныкталгандан кийин БШК аны депутаттык мандаттан ажыраткан. Асылбек уулу азыркыга чейин Алматыда абакта отурат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: