Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Камалжан Надыровдун айтымында, авиакырсыктан жабыркагандардын саны 47, сегизинин абалы оор, 38 кишинин абалы дурус, бирөөнүкү канааттандырарлык.
Эске сала кетсек, кечээ, 27-декабрда, таңкы саат 07:22де “Fokker-100” учагы Алматынын аэропортунан Нур-Султанды көздөй баратып, Гүлдала айылынын четине кулап түшкөн. Учактын ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Алматынын акимчилигинин маалыматына караганда, каза болгондордун саны 15 адамга жеткен. Маркумдардын жакындарына төрт миллион теңге берилет. Жабыркагандардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада экенин биздин ТИМ басма сөз кызматы билдирген. Ошондой эле биздин мыкты хирург Сабыр Жумабеков жабыркагандарга операция кылуу үчүн Алматыга учуп кеткен.
Бүгүн, 28-декабрь – Казакстанда аза күтүү күнү.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ