Menu

Видео – Трамп БУУда Иран, Венесуэла, Түндүк Корея жана Орусия жөнүндө эмнелерди айтты?

Бөлүшүү:

Дональд Трамп БУУнун Башкы ассамблеясында. Нью-Йорк, 25-сентябрь 2018-жыл.

АКШнын президенти Дональд Трамп 25-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясында 120дан ашык өлкөнүн башчысына кайрылды. Күтүлгөндөй эле анда негизги тема Түндүк Корея, Иран жана Венесуэла болду.

Өз сөзүндө АКШ президенти социализм менен азыркы жашоонун бардык аспектилерин көзөмөлдөөгө аракет кылып жаткан «дүйнөлүк өкмөткө» чечкиндүү түрдө «жок» деди.

Настоящее Время телеканалы Трамптын сөзүн орусча котормосу менен түз эфирде көрсөттү.

Түндүк Корея:

Трамп былтыр БУУда сүйлөгөндө дагы Түндүк Кореяны өзөктүк куралдан арылтуу жөнүндө айтканын белгиледи (анда ал Түндүк Корея жетекчиси Ким Чен Ынды «кичинекей ракетачы» деп атаган). Президенттин айтымында, андан бери Түндүк Корея багытында «алгылыктуу жылыштар» болду.

«Түндүк Корея тынчтык тарапка жылып жатат. Ракеталар түрдүү багыттарды көздөй учпай калды, өзөктүк сыноолор токтоду, сыноо аянттарынын бир бөлүгү бузулду, барымтадагы америкалыктар бошотулду. Кайраттуулугу үчүн Ким Чен Ынга ыраазычылык билдирем. Бирок Түндүк Кореяга киргизилген санкциялар өзөктүк курал толугу менен жок кылынмайынча алынбайт», — деди Трамп.

Иран:

Трамп АКШнын Иран менен түзүлгөн келишимден чыгуусун «көптөгөн өлкөлөр» колдогонун билдирди. Анын айтымында, Иранды азыр «коррупциялашкан диктатор башында турган катаал режим» башкарууда.

«Алар өздөрүнүн коңшуларын сыйлабайт. Израилди жок кылам деп коркутуп, «Америкага өлүм!» деп кыйкырып жаткан режимдин өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербейбиз. Алар баюу үчүн коңшуларынын ресурстарын пайдаланып жатышат. Ирандын эли казынадагы акча согушка коротулуп жатканына нааразы. Азыр Ирандын аскердик бюджети ички дүң өнүмдүн 40% түзөт жана бул акча Сирия менен Йемендеги терроризмди колдоо үчүн жумшалууда», — деди Трамп.

Президент АКШ 5-ноябрда Иранга каршы санкциялардын жаңы топтомун киргизе турганын айтып, ал «акыркысы болбой турганын» белгиледи. Анын айтымында, Кошмо Штаттар өзгөчө Иран мунайын сатып алып жаткандарга катаал аракеттерди көрө тургандыгын кошумчалады.

Венесуэла:

Трамп Венесуэла темасына өзүнчө кайрылып, өлкөдөгү азыркы абалды «эки миллион калктын трагедиясы» деп атады. Ал Венесуэла президенти Мадуронун режиминин «Кубада демөөрчүлөрү» бар экенин билдирип, социализмди сындады.

“Качандыр бир кезде Венесуэла калкы бай болгон. Бирок социализм дайыма начарлоого, жемкорлукка жана эзүүчүлүккө алып келет. Дүйнөдөгү бардык өлкөлөр социализмге каршы турушу керек», — деди президент.

Ал Венесуэлада Мадуро тарабынан жок кылынган «демократияны калыбына келтирүү» зарыл экенин айтып, АКШ Венесуэланын президенти жана анын жакын санаалаштарына каршы жаңы санкцияларды киргизе турганын билдирди.

Дүйнөлүк өкмөт:

Социализмден тышкары Трамп «дүйнөлүк өкмөттү» дагы кескин сындады. Ал дүйнөдөгү ар бир өлкө кандай жашай турганын өз алдынча аныкташы керектигин жана бул маселелерге БУУ дагы, Дүйнөлүк соода уюму дагы, башка эл аралык уюмдар дагы кийлигишпеши керектигин билдирди.

“Америка дүйнөлүк өкмөттүн алдында дайыма көз карандысыздыкты тандайт. Биз башка өлкөлөргө кайсыл Кудайга сыйынып, кайсыл салттар менен жашоо керектигин айтпайбыз. Биз дагы көз карандысыздыгыбызды сыйлоону өтүнөбүз», — деди Трамп.

Булар менен катар ал чек араны көзөмөлдөнбөгөн миграциядан бекемдөө боюнча АКШнын аракеттерин сыйлоону талап кылды.

«Миграция глобалдык өлкөлөр тарабынан башкарылбастан, конкреттүү өлкөлөр тарабынан аныкталышы керек. Ошондуктан биз миграция боюнча дүйнөлүк макулдашууга катышпайбыз», — деп белгиледи ал.

«Ошондой эле биз ар бир өлкө анын борбору кайсыл жакта жайгашканын өзү аныкташы керек деп эсептейбиз. Биз көпчүлүк учурларда жаңылып калып жаткан «эксперттик пикирлер» менен далилсиз жоболордун туткуну болбойбуз», — деди Трамп.

Ал өз сөзүндө Дүйнөлүк соода уюму менен ОПЕКти дагы сындады. Анын айтымында, Соода уюму «негизделгендеги принциптерин бузуп, өзгөчө Кытай уюмга киргенден кийин демпингди колдоп жатат. Ал эми ОПЕК мунайга болгон бааларды жогору кармоо менен дүйнөнү бөлүүдө.

«АКШда биз өзүбүздүн жеке энергетикалык коопсуздугубузга ишенебиз», — деди ал.

Трамп АКШ буга чейин эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешиненчыкканын эске салып, анда «АКШ менен анын достору куугунтукталып, адам укуктарын бузгандар корголо турганын» белгиледи.

“Эл аралык кылмыш соту тууралуу да ушуларды айтса болот. Ал адилет соттун бардык принциптерин бузууда. Биз дүйнөлүк бюрократияга баш ийбейбиз. Биз глобализм доктринасын четке кагабыз», — деди Трамп.

Орусия:

Трамп өз сөзүндө Орусия тууралуу бир гана жолу айтты. Бул темага ал энергетикалык коопсуздук жөнүндө айтып жатканда кайрылды. Президент Орусиянын мунайы менен газына көз каранды болбоо үчүн аларды сатып алуудагы диверсификациясы үчүн Польшаны мактады. Ошол эле маалда ал учурда Германияда курулуп жаткан «Түндүк агым-2» газ кууру «Германияны 100% Орусиядан газ сатып алууга көз каранды кыла турганын» белгиледи.

Трамп Сирия жөнүндө айтып жатып бир дагы жолу «Орусия» жана «Орусиянын Асаддын режимине жардамы» деген сөздөрдү колдонгон жок. Бирок «Ислам мамлекети» буга чейин Сирия менен Ирактын аймагында ээлеп турган жерлеринен сүрүлүп чыгарылганын айтып, бул Орусиянын эмес, антитеррористтик коалициянын эмгеги экенин белгиледи.

Ал ошондой эле Сирияда «Асаддын режими» тарабынан калкка химиялык курал колдонулбашы керектигин эскертти.

Сириядагы трагедия жүрөгүн өйүп жатканын айткан Трамп андагы абал «саясий чечимге» ээ экенин жана ал «сириялыктардын тандоосу менен» ишке ашышы керектигин белгиледи.

*****

Бүгүн Трамп негизги тема катары өзөктүк куралдын жайылуусун карала турган БУУнун Коопсуздук кеңешинин атайын сессиясында төрагалык кылат. Эксперттер анда АКШнын президенти «Орусия темасына» көбүрөөк кайрылып, орус атайын кызматтары тарабынан Улуу Британиянын аймагында Сергей жана Юлия Скрипалдрдын ууландырылышы жөнүндө айта турганын божомолдошууда.

БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында Трамп Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Улуу Британияын премьер-министри Тереза Мэй жана Түндүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин менен жолугушууну пландап жатат.

Сессияга Орусиянын атынан тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда. Анын АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушуусу күтүлүүдө. Помпео бул жолугушуу тууралуу Орусия Сирияга С-300 зениттик-ракеталык комплектерди бере турганын жарыялагандан бир нече саат өткөндөн кийин айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: