Menu

Фото – Кыргызстанда соттолгон аялдар үчүн биринчи “таза аймак” курулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 26-сентябрда Борбор Азиядагы баңги заттарды жайылтууну алдын алуу боюнча Программа (КАДАП) Кыргыз Республикасынын алдында жаза аткаруу Мамлекеттик кызматына (ЖАМК) №2 мекеменин алдында «Таза аймак» калыбына келтирүу жана социалдык адаптация борборунун имаратын өткөрүп берди.

Кыргызстанда Степное айылындагы аялдар үчун жалгыз №2 түзөтүүчү мекемде психоактивдүү заттарды колдонуудан өз эрки менен баш тарткан соттолгон аялдар үчун «Таза аймактын» курулушу аягына чыкты.

Объектти өткөрүп берүу аземинде ЖАМК, КРсынын Өкмөт Аппаратынын, Европа Биримдигинин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

“Европа Биримдигинин колдоосунда, “Таза аймак” бул аялдар колониясындагы дарылануу жана калыбына келүүнүн инфратүзүмүн мыктылоого көмөктөшөт. Объектти тапшыруу аземинин катышуучуларына кайрылып жатып, «баңги затын колдонгон аялдарга, кызматтын толук пакетин тартуулоо, бул аялдар колониясын Борбор Азиядагы эң алдыңкы мекеме кылаары талашсыз,” – деди Кыргыз Республикасындагы ЕБнин Өкүлчүлүгүнүн саясат, пресса жана маалымат бөлүмүнүн башчысы – Раймондс Вингрис мырза.

30 адамга ыңгайлаштырылган мекемеде соттолгондор менен атайын даярдалган социалдык кызматчылар жана психологодор иштейт. ЕБ тарабынан каржыланган КАДАП программасынын колдоосунда имаратта уктоо бөлмөлөрү, машыгуу залы, ашкана, чакан тигүүчү цех жана ушу сыяктуу бөлмөлөрдү камтыган  оңдоо иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле текшерип-өткөрүү түйүнү жана күнөскана курулду. Борборго (видеокөзөмөл тутуму, компьютер, тигүүчү жабдуулар жана эмерек) өткөрүлүп берилди. Объектти долбоорлоо жана куруу иштери 2016 жылы башталган. Долбоорлоо, курулуш, объектти жабдуулоо чыгашалары 150 миң еврого жакын каражатты түздү.

КАДАП Кыргызстандагы баңги затына көз каранды болгон соттолгон адамдарды дарылоо программаларын колдойт. “Таза аймактар” жана “Атлантис” калыбына келтирүү борборлору ЕБнин каржылоосунда КАДАПтын мурдагы фазаларында тузөтүүчү мекемелерге киргизилген. Жаза аткаруу тутумунун үйрөтүлгөн кызматкерлери, нарколог-дарыгерлер, социалдык кызматкерлер жана психологдор оорулуулар менен иш алып барат. Кардарлар “Атлантис” борборуна өз ыктыяры менен келип, баңги затына болгон көз карандылыктан арылуу жана калыбына келүү үчүн, түзөтүүчү мекеменин аймагында жайгашкан өзүнчө жабдылган имаратка жаткырылат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: