Menu

Кош жарандыгы барларга кылмыш иши козголот

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитета кош жарандыгын жашырган адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча депутат Дастан Бекешов сунуштаган мыйзамды биринчи окууда жактырды. Мыйзамга ылайык, Кыргызстанда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлерде башка өлкөнүн да жарандыгы бар болгон учурда аларды жоопко тартуу сунушталып жатат. Депутат мыйзамды шайлоого чейин кабыл алыш керектигин, анткени “шайлоого катышкан талапкерлердин кош жарандуулугун текшерүү үчүн маанилүү” деп негиздеди.

Белгилей кетсек, кош жарандык маселесине байланыштуу, учурда экс-мэр Кубанычбек Кулматовду Россиянин жараны болуп туруп Кыргызстандын жарандыгын мыйзамсыз алган деген негизде жарандыктан ажыратуу маселеси каралып жатат. Быйыл Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экени маалым болгон. Дагы бир «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Бахадыр Сулеймановдун дагы казак жараны экени айтылып, азыркы кезде тиешелүү укук коргоо органдары текшерип жатканы маалым болду.

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: