Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын дарегине бир топ сын-пикирлер айтылып келет. Тилекке каршы, бул боюнча чечкиндүү кадам менен аталган инспекцияны текшерүүгө эч ким батына элек. Негизи эле бул жер коррупциянын ордосуна айланганы, аны жашырып-жаап келишкени узун сабак кеп болуп айтылганы менен чара көрүлө элек.
Мисалга айтсак, Кара-Балта шаарында жайгашкан бир эле «Жунда» заводу экологиялык тармагын, техникалык коопсуздугун көзөмөлдөгөн Экотехинспекцияга жылына 36 000 000 (отуз алты) миллион сом которот. Бул оңбогондой каражат кайда кетип жатканы белгисиз. Кур дегенде аталган инспекция элдин ден соолугу үчүн Кара-Балта шаарынын башына бир, аягына бир аба тазалап туруучу жабдыкты коюп бергенге жараган жок. Эл кат менен кайрылып атып тили тешилди. Аталган жабдыктын баасы ашып барса 7 миллион сомдун тегерегинде турат. Бул завод иштегенден бери 7 эмес, 150 миллион сом которуптур. Мына логика каякта жатат?
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ