Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «бакага таажы кийгизсең да балчыкка секирет» дегенди куп гана тастыктоодо. Дегенибиз, учурда саламаттыкты сактоо тармагында коррупция чырмооктон жаман абалда калды. Дары-дармек департаменти менен төрөтканалардагы абал өтө чатак. Чак түштө бала уурдалып үрөй учурууда. Мына айылдан шаарга келген каттоосу жок энелерди төрөтканалар кабыл албай, башаламандык өкүм сүрүүдө. Дарыканаларга контрабанда менен кирген товарлар толуп кеткени коомчулукту кыжаалат кылууда. Кайда караба «Мамайдын көрү» көзүңө элестейт. Кыскасы, башаламандык. Чолпонбаевдин коррупцияга шектелип УКМКнын СИЗОсунда 3 ай жатып чыкканына карабай, элдин саламаттыгына кам көрөт деп алып келген бийлик эгелерине баракелде! Мандемдүүлөр кызматка көтөрүлүп маарып жатышканына ичиң ачышат…
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ