Азыркы бийликтин тушундагы жүргүзүлүп жаткан саясатка түшүнүп болбой калды. Мамлекеттик саясатка дин камыр-жумур болуп аралашып, богу-жини чыгып бүтмөй болду. Дин саясаттан тышкары болуш керек деген Конституцияда жазылган норма суу кечпей калды. Дин аалымдары мамлекеттик иш-чараларга катышып акыл айта баштады. Өлкө жетекчилери алардын оозун карап шилекейи чубуруп, талмалары кармап, «муфтиятта уксак жакшы болот» дегенге өтүштү. Бийликтин эң жогору сересиндегилердин «муфтиятты уксак өнүгөбүз» дегени айрым чиновниктердин мээсине мык каккандай орноп, мамлекеттин эсебинен мечиттерди каржылоо керектигин демилгелей башташты. Мына Кемин шаарынын мэри Солайбек Досов шаардагы борбордук мечитке 119 700 сомго жаңы килемдерди сатып бермек болушканын айтып чыкты. Анын жүйөсүнө кулак салсак, мечиттин жерге салган килемдери да эскириптир, анан молдолорду арабдардан кайыр суратпай, мамлекеттин эсебинен жаңы килем сатып бермей болуптур. Мына логика!..
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ