Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган экс-премьер-министр Сапар Исаковдун абактагы мөөнөтү 5-декабрга чейин узартылды.
Бул ишти 1-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту түнкү саат 12ге чейин карап, ушундай чечим чыгарды.
Бул тууралуу Исаковдун мурдагы басма сөз катчысы Гүлнура Торалиева өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына жазды. Мурдагы премьер-министрдин абактагы мөөнөтүн узартууну УКМК суранган.
31-июлда Биринчи май райондук соту тергөөнүн өтүнүчү менен анын абактагы мөөнөтүн 5-октябрга чейин узарткан. Адвокат Нурбек Токтакунов “Сапар Исаковду камакка алуу мыйзамсыз болгон” деп, анын абактагы мөөнөтүн өзгөртүү тууралуу кассациялык арыз менен шаардык сотко даттанган. Бишкек шаардык соту 9-августта Сапар Исаковдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Токтакунов андан кийин Жогорку сотко да арыз берген.
Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 5-июнда камакка алынган.
Ал өзү бул иште “саясий боёк” бар экенин айтып келет. Соттук отурумдарда Исаков тергөөгө жардам берүүгө даяр экенин билдирип, бөгөт чарасын өзгөртүүнү сураган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ