Menu

Жээнбек Кулубаев элчи болду

Бөлүшүү:

Тышкы иштер министрлиги Жээнбек Кулубаевди Кыргызстандын Казакстандагы элчиси кылып дайындоону Жогорку Кеңешке сунуш кылды. Парламенттин тармактык комитети бул сунушту колдоого алды. Кыскасы, Кулубаев элчи болууга ажонун батасын алып, андан соң, ЖКга келген. ЖК эч каршылыксыз өткөрөрү турган иш. Жээнбек Кулубаев 1963-жылы Ысык-Көл облусунун Чырпыкты айылында туулган. Ал буга чейин Кыргызстандын Малайзиядагы жана Кытайдагы элчилигин жетектеп жүргөн. Алушутапта Тышкы иштер министрлигинде Азия жана Африка боюнча департаментин жетектеп иштеп жаткан. Кыргызстандын Казакстандагы элчиси 2016-жылдан бери жок. Элчиликти аркалап келген маркум Эсенгул Өмүралиев ошол жылы ден-соолугуна байланыштуу кызматты өткөрүп берген болчу.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: