Menu

Кашкар Джунушалиев, ИИМ министри: Кылмыш иликтөө тармагынын эр жүрөк кызматкерлери менен кыргыз эли сыймыктана алат

Бөлүшүү:

Кымбаттуу кесиптештер, урматтуу криминалдык милиция кызматынын ардагерлери жана кызматкерлери!

Сиздерди Кылмыш иликтөө кызматынын түзүлгөн күнүнө 100 жыл толгонуна байланыштуу маараке майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул өткөн 100 жыл ичинде кыргыз милициясынын кылмыш иликтөө кызматы турмуштун катаал сыноолорунан ийгиликтүү өтүп, зор тажрыйба топтоду.

Азыр кыргыз милициясында, анын ичинде кылмыш иликтөө башкармалыгында билимдүү, мыкты адистик даярдыктан өткөн кесипкөй, маданияттуу, жогорку адамкерчиликтүү кызматкерлер иштейт деп сыймыктануу менен айта алам. Кылмыш иликтөө кызматы басып өткөн бир кылымдык жолу күрөштөргө, кармаштарга толгон, оор болсо да, татаал болсо да жеңиштүү, абдан жемиштүү, сыймыктуу жол болгон. Бүгүнкү кылмыш иликтөө кызматы -криминалдык милиция кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү алдыңкы бирдиктүү команда, ал кандай гана кырдаал болбосун, бардык тапшырмаларды абийирдүүлүк менен аткара алышат. Алар ар бир жарандын коопсуздугун, мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюшат.

Ички иштер министрлигинин сыймыктана турган мыкты нерсеси – ал аксакал, ардагерлери! Биздин ардагерлер ардактуу эс алууга кеткенде да иштен четтеп калбайт. Алар Кылмыш иликтөө башкармалыгы менен байланышын үзбөй, артели кеч келип, жаштарга кеп кеңешин айтышып, өздөрүнүн бай тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат. ИИМдин ардагерлер кеңештери башка бир да тармакта болбогондой ардакталат жана ошондой сый урматка татыктуу деп ишенимдүү айтсак болот. Себеби алар ардактуу эс алууда жүрүшсө да ар дайым элдин тынчтыгын ойлошот, элдин тынчтыгы үчүн күрөшөт.

Кылмыш иликтөө кызматында кенже офицерден жогорку офицердик чинге жеткен, генералдык наамга жеткен кыргыз милициясынын кыйындары, учурда мамлекеттик жогорку аткаруу бийлигинде эмгектенишкен кесиптештерим, бизнестин да түркүн түрүн өздөштүргөн азаматтар жана да менин орун басарларым, областтык жана шаардык башкармалыктардын башчылары абдан көп экендигин алардын саны бир миңге чукулдап кетээрин да сыймыктануу менен баса белгилегим келет.

Бул азамат, патриот жигиттерибизди кыргыз коомчулугу, милициянын ардагерлери жана өздүк курамы абдан жакшы билишет, алардын баарын этап олтуруу кайрадан бир китеп жазууга тете болот. Ошол себептуу жогоруда мен белгилеген бардык эр жүрөк кылмыш иликтөө кызматынын катарынан чыккан кесиптештерим менен кыргыз эли жана кыргыз милициясы сыймыктана алат деп ишенимдүү түрдө айта аламын!

Бизге азыр иштей турган, өзүбүздү көргөзө турган мезгил келип турат. Президентибиз коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө катуу талап коюу менен бирге бизге эч тартынбастан, эч кимден, эч нерседен жалтанбастан иштөөбүзгө шарт түзүп берди. Биз азыр бир гана мыйзам алдында баш ийебиз, биз эле эмес бардык тармактарда, бардык мекеме, ишканаларда мыйзам жетекчи, мыйзам багыттоочу күч болушу керек. Биздин таянганыбыз да, сыйынганыбыз да Кыргыз Республикасынын мыйзамдары. Ал мыйзамдарга ыйыктын ыйыгындай мамиле кылган өлкөбүздө өнүгүү болот, тартип болот.

Кылмышкерлер менен кылмыш иликтөө кызматынын кармашына мына 100 жыл болуп, тынымсыз, күнү-түнү бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Бул айыгышкан кармашта аёо деген жок, ажалга тике карап, өлүмдөн жалтанбай, башты канжыгага байлап иштөөгө туура келет. Сиздер кылмыш иликтөө кызматынын адистери кылмышкерлерден элди коргоп, ок аралап, от кечип жүрөсүздөр. Канчалаган мыкты азаматтар каардуу кармаштарда кызматтык милдеттерин аткарып жатып курман болушту. Алардын аты ардак такталарга түбөлүккө өчпөс болуп жазылган, ошондуктан эрлерин эли унутпайт деп ишенимдүү айтсак болот. Аларга түбөлүк таазим жана урмат! Сиздердин эмгек сыйга да, мактоого да татыктуу. Сиздер бар үчүн, сиздердин кыраакы, кажыбас эмгегиңиздердин натыйжасында элибиз тынч уктап, бейкапар эмгектене алышат. Азыркы учурда, коррупцияга каршы аяорсуз күрөш жүрүп жаткан кезде, сиздерге өтө жоопкерчиликтүү милдет жүктөлүп жатат. Ал милдет: элибиздин жыйган тергенин коргоо менен эле бирге мамлекеттин байлыгын көздүн карегиндей сактоо. Ал үчүн абдан сактык, жем-корлорду алыстан тааный билген кыраакылык зарыл. Сиздер азыр абдан күчтүү, кубаттуу кызматсыздар деп ишенимдүү айтсак болот. Анткени Сиздерде кылмыш иликтөөнүн 100 жылдык бай тажрыйбасы бар.

Ардактуу кесиптештер! Кылмыш иликтөө кызматынын, жаңы мезгил менен айтканда криминалдык милициянын ардагерлери жана учурдагы күжүрмөн курамы Сиздерди дагы бир жолу 100 жылдык маараке майрамыңыздар менен куттуктап, бардыгыңыздарга турмушта бакыт, жашоодо бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөрдө ырыс-ынтымак жана ар дайым ишиңиздерди ийгиликтер коштоп жүрүүсүн каалаймын. Майрамыңыздар кут болсун!

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: