Menu

Хабиб менен Камчыкенин окшоштугу эмнеде?

Бөлүшүү:

Өткөн жекшемби күнү бүткүл дүйнө жүзүнүн көңүлү UFC 229 турниринин мушкерлери дагестандык Хабиб Нурмагомедов менен ирландиялык Конор Макрегордун мушташына бурулду. Америкада болгон бул беттешти планетанын баардык жашоочулары жаш баладан тартып, кемпир, чалдарга чейин телевизор, интернет аркылуу көрүп, бүйүрү кызышты. “Күч атасын тааныбайт” демекчи, рингдеги төрт ирет үч минуталык мушташта Хабиб атаандашынан артыкчылыгын көрсөтүп, акыркы, бешинчи раундка жетпей эле муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетишти. Бирок, буга чейин Конордун тарапташтары Хабибдин командасына жана жеке өзүнө кемсинтүүлөрдү айтып келишкен болчу. Алар Хабибдин атасына, динине, улутуна шек келтиришкен. Ким билет, жеңишине эреркеп, өзүн жылдыз сезип, башкара албай кеттиби же биротоло өч алайын дедиби, айтор беттештен кийин Х.Нурмагомедов ачуусу менен буга чейин эле намысына тийип жүргөн Макгрегордун спарринг-өнөктөшүн тордон секирип барып тээп-чаап жаңжал чыгарып жибериши, рингдеги мушташтан да каттуу бүйүрдү кызытты.

Мунун кесепетининен массалык мушташ чыгып, полиция кызматкерлери Хабибдин үч кишисин камакка алды. Маалымат жыйында Х.Нурмагомедов эмнеге андай кадамга барганын түшүндүрүп берди. Макгрегор болсо камалгандарга карата арыз жазуудан баш тартып, доомат койбой турганын билдирди. Мындан да кызыгы Хабибдин тарапташтары аны канчалык колдоого алып сый көрсөтөөрүн билдирүү үчүн ар кандай ойго келбеген кылык жоруктары менен элдин эсинде калды. Алардын бири, саясатчы Камчыбек Ташиевдин “Фейсбук” социалдык тармагы аркылуу “Хабиб өзүбүздөн турбайбы, тосмодон ашып түшүптүр”- деп, дагы бир ирет “жылдыз” болду. Камчыке бул нерсеге аргасыздан, коомчулуктун, бийликтин көңүлүн “Кумтөрдөгү” коррупцияга буруу максатында барып, натыйжада жалган айып тагылып, камалып чыкты. Ал эми Хабиб бир нече миллион доллар гонорардан куржалак калгандыгы айтылууда. Канткен менен Хабиб да Камчы акесине окшоп акыйкатсыздыкка жөн карап тура албайт экен, бул кадамы менен дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын духун көтөрүп койду.

Булак: «Майдан»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: