Кытайдын чыгышындагы Цзянси провинциясындагы китепканалардын биринде “иштеген” роботтор окурман талашып, кайым айтыша кеткен. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Туту жана Ванбао аттуу роботтор китепканада окурмандарга керектүү китептерди табууга жардам беришет. Окурмандардын бири роботко суроо берип, анын QR-кодун сканерден өткөрүүнү каалаган. Экинчи робот дагы окурманга жардам бергиси келген. Мындан улам эки робот кайым айтыша кеткен.
Акыры Ванбао аттуу робот күнөөсүн мойнуна алып, элдешкенге кадам таштаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ