Menu

Өкмөттүн кышка карата даярдыгы кандай?

Бөлүшүү:

Сыртта күз. Доллардын оош-кыйышы менен күйүүчү майга болгон баанын тымызын күн санап көтөрүлүшү каржалып турган карапайым элди убайымга салууда. Кышка даярдык тууралуу алчы-таасын жеген отун, энергетика жаатындагы эксперттер бийликтин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын, андагы алешемдиктерди четинен дүңкүлдөтө баса белгилешүүдө. А теледен өкмөт башчы өткөн жыйындарда тиешелүү жетекчилер сырттагы абалды «баары сонун» таризинде көйгөйү жок кишидей түс беришүүдө. Кимисине ишенебиз? Бул жааттан да сөз козгоп, көйгөйлөрдү көтөрбөсөк болчудай эмес.

Зркин Булекбаев, «Жашылдар» партиясынын лидери:

– Ооба, сыртга күз. Ооба, доллардын курсунун жогорулашы элдин баарын ойго салып койду. ТЭЦ боюнча чиновниктер элге калп айтканын ашкерелеп койгонун эске алганда, өкмөт кышка даяр эмес деп ойлойм. Анан калса бизде дүжүр эксперттердин, академиктердин, саясат таануучулардын, саясатчылардын, юристтердин, чиновниктердин дайыма элди эмес, бийликти тейлеген адистердин жардамы менен өлкөнү карыздын (Кыргызстандьга карызы 4,5 миллиард АКШ долларына жакын) сазына батырган кишилер толтура. Ал эми өкмөттүк ЖМКлар чындыкты айтыштыбы? Мисалы, ТЭЦ ж.б. боюнча? Эң башкысы, өлкөдөгү кризиске Кыргызстандагы жакырлардын эсебинен байыган эң күркүл кишилер күнөөлүү (аларды Кыргызстандагы бай кишилердин тизмесинен көрсөк болот). Анын азабын болсо калктын эң аялуу катмары тартууда.

Абдрахман Маматалиев, экс-вице-премьер:

– Азыркы өкмөткө өткөн кыштагы жылуулук борборундагы болгон авария чоң сабак болсо керек. Телеканалдардан берген маалыматка караганда, акыркы мезгилде кышка даярдыкты көзөмөлгө ала башташты окшойт. Бирок, «баары даяр» дегенден алыс болуш керек. Биринчиден, Бишкек, Ош ж.б. чоң шаарлардагы жылуулук берүү ишканаларынын жетекчилеринин отчетторуна караганда, «мына даяр болуп калдык, жакында бүтөбүз, мынча көмүрүбүз, мынча битум бар, калганына келишимибиз бар» деген сыяктуу сөздөр. Эшикте суук түшүп, бир топ жерге кар жаап койду. Ушул жуманын аягында Бишкекте да кар жаай турганы божомолдонууда. Мындайда республикалык штаб түзүлүп, анын мүчөлөрү жер-жерлерди түрө кыдырып, ар бир ишканага чейин барып, мектеп, бала бакча, ооруканалардын ж.б. социалдык объектилердин даярдыгын текшерип көрүп, кары-картаң ж.б. аз камсыз болгон жарандарыбызга бекер көмүр сыяктуу жардамдарды уюштуруп бүтүп, анан «даярбыз» деп жарыялашса туура болот эле.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: