Menu

Кожобекке сарсанаа болбой эле койгула

Бөлүшүү:

Фракциядан Кожобек Рыспаевди чыгарат экен деген имиштер элди аралап жүргөн. Ага “жоон” чекит коюлду, Кожоке фракциядан чыкпай калды. Ой тигил Жанар деле кабагым-кашым дебей даңкылдап эле калкты аралап иштеп жүрбөйбү? Же таптакыр эле мүңкүрөп калганын көрдүңөрбү, Акаевдин.  Тескерисинче ал эркин депутат деген “статуска” алынгандан бери ого бетер популярдуу болуп кетпедиби. Азыр Исаны дагы, башкасын деле тоотуп койбойт, жинине тийсе желин пыш эттирип чыгарып салат бирпаста. Демек, депутат деген башын жүгөндөтпөй  бош жүрүшү кажет.

Ал эми кайрадан Кожокеге келсек кеп мындай: “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” – деген макал бар. Анын сыңарындай дагы эки жыл чыдап койсо бул мырзанын башка олуттуу иштери чыгат. Маселен, азыр элди күлдүрүү оңой болбой калды, туурабы? Ошол үчүн айрым боюу, ойу пас мурдагы куудулдар президент болот элем деп көпчүлүктүн көзүн будамайлоого өтүштү. Туурасын айтсак алардын “ресурсу” ада болду. Ушундан улам калк жаңы ачылыштарга суусап турат. Эгерде Кожокең куудулдук өнөрдү эш тутуп, чындап жеңин түрүнсө сахнанын “жылдызы” болуп кетеринде шек жок. Ал тургай кырылдаган үнү менен обон созуп ырдап койсо алакандар күбүлгөнчө чабылаары калетсиз. Депутат болгон куудул келатат деген эл жарылып чыга беришине ишенич бар. Анан көп кырдуу болуш үчүн обончулукту, аткаруучулукту жөндөп алса бүттү, сахнанын ажарын ачууга чыйыр салынат. Так что, Кожоке көп эле санаага батпай ушул жагын ойлоно бериңиз? Азыр кыйын куудулдар укмуш жашап жатпайбы,ботом. Ошондой тармакты тандасаңыз күндө майрам,күндө тойдун ысык кучагына кирип, каалаганыңызды имерип алууга шарт түзүлөт. Мындан артык бакыт болобу, чиркин!

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: