Бүгүн, 12-октябрда №3 жаза аткаруу колониясында “тигүүчү” жана “өтүкчү” кесиптерин өздөштүрүү бонюча жаңы класстары ачылды. Бул тууралуу KyrgyzToday редакциясына Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу ачылышка Борбордук аппараттын, эл аралык уюмдардын жана мекемелердин кызматкерлери катышты.
Абактын тарбия жана атайын контингент менен иш жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы полковник Максат Турпанбаев жаңы окуу классын ачып жатып, заманбап коомдо бир конкреттүү кесиптен тышкары дагы кошумча кесипке ээ болуу абактан чыккандар үчүн келечектеги жашоосунда өтө маанилуу болоорун, жана абактагы жарандардын ар дайым жеке инсандык-кесиптик өнүгүүгө умтулушу зарыл экендигин белгиледи.
Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдик Республикасынын элчилигинин экономикалык өнүгүү жана кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Касьен Оннезорге өзүнүн сөзүндө “Пенитардык мекемелелердеги адамдарды окутуу” аттуу долбоордун заманбап шарттарда абактагы адамдарга чоң жардамы тийерин билдирди.
Окуу класстары Кыргыз Республикасындагы “Немис элдик университеттер бирикмесинин” өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен тигүүчү машинелер жана окууга керектүү аспаптар менен жабдууланды.
Айта кетсек, “Немис элдик университеттер бирикмеси” Кыргыз Республикасында 2012-жылдын март айынан тарта жаза аткаруу тармагында иш жүргүзүп келет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ